Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:12

Акаевдин каталыктары, аягына чыкпай калган революция, бийликти чырмаган коррупция жана кыргыз улутун тооруган жоголуп кетүү коркунучу жөнүндө айтылуу сынчы "Азаттыктагы" эң соңку маегинде кеп салат.

Атактуу адабиятчы жана коомдук ишмер Салижан Жигитов жарык дүйнө менен кош айтышканына үч жылга аяк басты. Сынды тайманбай бетке айтып келген айтылуу сынчы “Азаттыкка” эң соңку маегин 2005-жылы июль айында катуу ооруп жаткан учурда берген эле.

- Азыркы Бакиевдин командасы баягы эле Акаевдин командасынын жолуна түштү, коррупциядан соо эмес деген пикирлер айтылууда. Жаңы бийлик мурдагы Акаевдин бийлиги кетирген каталыктардан сабак алат деп ойлойсузбу?

- Оо, аны эми ким билет? Азыр жаңы келип атат да. Буларды да карап көрөлү. Бирок элдин баары айтып атпайбы "оо, баякыдай эле орундар сатылып атат" деп. Кызмат орундар сатылып атат деп гезиттен окудум, ошентип айтыптыр бир-эки-үчөө. Мурдакыдай эле параны алып атат баары эле. Кичинекей бирдеме ачайын десең, азыркы акимдер парасыз эчтеме жасашпайт экен.

- Сиз дайыма сынды бетке айткан киши катары таанымалсыз да. Сиз Акаев менен бирге иштешип калдыңыз. Кошо иштешип жүргөн кезде ошол кишиге өзүнүн кетирип жаткан каталыктарын көзүнө айткан учурларыңыз болдубу?

-Аскар Акаевич ал убакта башка Акаев болчу. Анда эл менен эсептешип, сестенип, коркуп иштечү. Экинчиден, анда баарын эле өзүм алайын, бала-чакама алып берейин дегенден да алыс эле да. Ал убакта аны сындай турган деле орчундуу маселе жок болчу. Бирок мен ага айтчумун: “Сиз кокустан президент болуп калдыңыз. Кыргызстан кокустан көз каранды эмес мамлекет болуп калды, өз алдынча дегендей. Саясый өз алдынчалык алып калды. Ошон үчүн сиз тарыхта кала турган болуп калдыңыз. Кыргыз мамлекетинин башында турган киши болуп калдыңыз. Ушу тарых үчүн иштеш керек",- деп.

"Ооба, туура" дечү, "ушундай иштеш керек, иштейли деп”. Кийин 1995-жылы шайлангандан кийин алар-булар таасир этип, Казактандан таасир этип, анан дүнүйөнүн артынан кубалап кетип, бала-чакасы менен бүт баары кирип кетпедиби. 1999-жылы кетип калса же 2000-жылы эле кетип калса биздин арабызда жүрөт эле азыр. Жеп-ичкенин да аш кылып кетет эле. Элдин урмат- сыйын алып, тарыхта жакшы болуп калат эле дагы, балким, азыр беш жыл өткөндөн кийин дагы ырсаңдап, "ой ушул эле жакшы болчу" деп, кайра шайлап алат элек . Азыр мына Рафсанжани деген мурда Иранга президент болгон киши кайра дагы өзүнүн талапкерлигин койбодубу. Утайын деп барып утулуп калды. Ошондой кылып койсо болот эле. Аскар Акаевди анда сындаган каякта, биринчиден. Кийинкилери, менден кийин Акаевдин жанында жүргөндөрү айтты: "Сын айтсаң эле болду, ошерден эле титиреңдеп эле, жакшы кабыл албай жаман көрчү” деп...

-Мамлекетти башкаруунун салты, бийликти өткөрүүнүн салты кандай болуш керек? Мына ушул жагынан Кыргызстанда чоң өксүк бар экени көрүнүп калды.

- Кыргызстанда мамлекетти башкаруунун салты жок. Мамлекеттик бийликтин бир колдон экинчи колго өтүш салты да жок. Мурда Москвадан приказ берип эле, бир маймылды отургузуп койсо деле иштей бермек. Эгемен өлкөдө өз алдынча маселе чечкенге келгенде, мына Аскар Акаев буга жарабай калды да. Ар күнү ал өз алдынча башын иштетип, маселе чечиш керек болчу. Ал эмне болсоң - ошо бол деп таштап койду. Турмуш өзүнчө эле агып атты.

Элдин баары эле айтып жатпайбы, дүйнөкорлук, ачкөздүк кылып кетип, өзүнүн биографиясын бузуп алды. Тарыхтан орун алат эле. Аскар Акаевди жактаган кишилер айтып жатышпайбы азыр: “Баары бир тарых өз ордуна коет, буга жакшы эле баа берет” деп. Билбейм, Кеминден өзүнүн туугандарынан эле чыгып, тарых жазып калып жакшы дебесе. Калыс жазган кишилерге көрүнүп турат да. Ушул эле “Моя столица” гезитин, андан башка “Республика” гезитин карап отурса эле Аскар Акаев жөнүндө чындыктын баары чыгат да. “Азаттык” радиосунда дагы абдан көп айтылды. Нарын Айып канча макала жазды ошол жөнүндө. Ошолорду караса, ошолорго таянса жазмакерлер.

Аскар Акаевдин кылган-эткендеринин баардыгы эле кагаз бетине жазылып калган жок. Кошо иштеп жүргөн кишилер азыр жазса абдан кызыктуу болот эле, ал маселелерди кантип чечкени тууралуу. Ушулардын баарын чогултуп келгенде, качып кетиши жана кылган иштери менен ал оң маанидеги каарман болуп калалбайт. Качып кеткенинин бир жаман жери, ал жасаган иштердин баарын, кылык-жоруктарынын баарын ачыкка чыгарып салып атпайбы.

- Эгемендик жылдарында жалпы журт кыйналып, турмуштун азаптуу чегине жеткенде эл түрө көтөрүлүп, революция болду деп айтылып жатат. Кандай революция болду дейсиз? Бакиев деле Акаев сыяктуу Кыргызстанды демократиялык мамлекет кылып курабыз деп чыгып жатат.

- Эми демократия деген өзү батыш элдери чыгарган, батыш коому жараткан бир саясый көрүнүш. А биякта каяктан демократия, тоталитардык режимде жүрдүк. Андан мурун падышалык өкмөттө дагы тоталитардык режимде болчубуз. Кокон кандыгында эмне, демократия бар беле? Же кыргыздын өзүндө демократия бар беле? Бул кызылдай эле калп да. Азыр деле демократия жок болуп жатпайбы. Анан каяктагы демократия?

Анан дагы эркин экономика дешет. Ал дагы жок бизде. Элге экономикалык эркиндик берилген жери жок.
Бул "ара төрөлгөн революция", аягына чыкпай калган революция деп айтып атышат.
Эптеп бийлик алмашты. Булардын ичинде деле совет доорунда тоталитардык аң-сезимди ташып жүргөн кишилер да азыр. Аскар Акаевдин тушунда деле баягы коммунисттер болгон. Анан булардын түшүнүгү да - патриархалдык, феодалдык түшүнүк да. Буларда буржуазиялык, капиталисттик аң-сезимди ташыгандар жок. Ошон үчүн өзгөргөн жаңы муун бийликтин башына келсе гана бирдеме болушу мүмкүн.

- 2005-март окуясын коомчулукта ынкылап болду десе, айрымдары революция болду деп жатышат. Сиз "ара төрөлгөн революция" деп айттыңыз. Чыныгы революция болуш үчүн эмнелер жасалыш керек эле?

2005-жыл, 24-март окуясы
- Революция болгондо революциялык комитет деп туруп бүт баарын жаңыча жасаш керек эле да. Акаевдин режимин “элге каршы режим”, “элге кас режим” деп айтып атпайбызбы. Демек кандай режим экенине баа берип туруп, анын жактоочуларын, мактоочуларын, эң кур десе үч ай камап туруш керек эле.
Эски режим жалаң калп сүйлөп атып, элдин көңүлү калды да. Анан булар чындыктын тилине өтүш керек эле. Бирок өтө албай атпайбы. Ошондуктан жаңы бийликтин эски бийликтен айырмасы жок...
Эски режим жалаң калп сүйлөп атып, элдин көңүлү калды да. Анан булар чындыктын тилине өтүш керек эле. Бирок өтө албай атпайбы. Чындыкты айталбай эле кайра эле баягы Аскар Акаев айткан сөздөрдү айтып жатышат чоңдордун көбү эле. Ошондуктан жаңы бийликтин эски бийликтен айырмасы жок.

- Аскар Акаевдин качып кетишин туура көргөндөр да бар. Кан төгүүгө жол берилген жок дегендей. Аскар Акаев өзү да актанып Москвадан интервью берип жатат. Сиздин оюңуз кандай?

- Эми биздин Көлдүккө качып барса, куда деп, бул жактан аскер жиберсе деле Кулов-Бакиев менен согушуп, биз аны сактап калат элек (тамаша аралаштыра күлүп). Же болбосо Кеминге качып барса эмне болот эле? Анан түптүз эле Москвага качып барганы - бул өзү шермендечилик. Бир мамлекеттин башында турган киши, өз эли менен сүйлөшө албай, качып кетип калганы.

Анын интервью бергени да кызык болуп атат. Берген интервьюсу бүт эле калп болуп атпайбы. Курманбек Осмонов айтып атат: “Мен он жарымда барсам, резиденцияда бассейндин жанында отуруптур. Ошерде сүйлөштүк “ деп атат. Ошол жактан эле качып кетип атпайбы. “ Кетип баратсам саат төрттө бүт шаар кыйрап калган” дейт. Кыйраганда кечинде кыйрады да. Бир жеринде актанып атпайбы: “Туура кылганмын, качып келип” деп. Качып кеткени кантип туура болсун. Ошонун өзү, ошол жакка барып интервью берип атканы жакшы эмес, жакшылык алып келбейт. Кадыр-барк алып келбейт. Кайра төмөндөтүп атпайбы.

Эми качып кеткен кишилер көбүнчө унчукпайт, интервью бербейт. Мисалы, Кучма түшүп калды, интервью берген жери жок. Тиги Шеварнадзе деле үйүндө отурат. Андан деле интервью алалык деген кишилер көп да. Арслан Абашизе деген кетип калды. Бир жерде дагы интервью берген жок. Ал деле чоң киши да, бай киши. Мамлекет, эл башкаргандардын өзүнчө бир салты болот да. Эл башкарган киши кандай болуш керек? Тарыхта калам деген киши кандай болуш керек?

Акаев качып кеткендин ордуна өзү менен өзү болбой, эл менен сүйлөшүп, Жалал-Абадда, Ошто чатак чыгып атканда барып туруп ошерден элди басып коюш керек болчу.
Шайлоо комиссияларын жазалап туруп, 75 же 35ин, же болбосо кыркын өзүнүн кишилери кылып, анан кайра отуз бешин тигилерге (оппозицияга) берип койсо, кыркы кол көтөрүп турат эле. Анан шайланып келгендеринин ичинен дагы беш-алтоосун сатып алса акчага, ошо менен тынч болот эле.

- Кыйын кырдаалды баштан кечирип жаткан элге, жаңыланган бийлик кыргыз элине кандай каалоо-тилегиңиз бар?

- Жакында Чыңгыз Айтматов экөөбуз телевидениеге барып тартылып келдик. Ошол жакта ушундай суроо болгондо, Чыңгыз жалаң абстрактуу нерселерди айтат. Мен айттым: Эми кыргыз элин жалаң эле жалган пикирлер менен, жалган идеялар, имиштер менен, иллюзиялар менен тойдуруп келатат. Биздин чоңдор дагы, интеллигенция дагы. Айрыкча, чоңдор “2200-жылдык мамлекеттик традициябыз бар” дешип. Мамлекет азыр да жок экенин көрдү го Акаев качып кеткенден кийин. “Ушундай кыйын элбиз” дешет дагы. Биздин өкмөт, интеллигенция жалгандын тилинен чындыктын тилине өтүп сүйлөмөйүнчө эчтеме болбойт.

Ошон үчүн элге эмне деп айтыш керек? Ой кыргыз эли, сен кичинекей элсиң, үч миллион элсиң. Европанын бир шаарында үч
Биздин өкмөт, интеллигенция жалгандын тилинен чындыктын тилине өтүп сүйлөмөйүнчө эчтеме болбойт.
миллион эл бар. Экинчиден, артта калган, кедей элсиң. Өзүңдү өзүң багалбаган элсиң. Дүйнө багып атат бизди. Ушуну билиш керек. Бирок биздин деле башыбыз бар. Эки колубуз бар. Эки бутубуз бар. Өзүбүздү өзүбүз бакканга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок жалкоолугубуздан, билимибиздин жогунан, бейпарлыгыбыздан бүт кор болуп жашап атабыз. Бүт дүйнө бизге жардам берип атат. Багып атат.

Анан чет мамлекетке бирөөбүз барабыз десек, чет мамлекеттин акчасы менен барып атабыз. Мунун өзү деле кордук да. Ошон үчүн биз иштебесек, чыйрак болбосок, күн-түн дебей билимибизди көтөрбөсөк, колубуз менен акылыбыз менен товар жасаганды үйрөнбөсөк, биз кор боло беребиз.

БУУнун бөлүмдөрү айтып атат: “Кыргыз эли тилин жоготот жүз жылдын ичинде, этнос катары жок болот деп. Башка элдердин ичине эрип кетет деп атат. Биз ошентип кетишибиз мүмкүн. Себеби жалкоо элдер, начар элдер, бош элдер кор болуп туруп анан ...Азыр басып албайт бизди эч ким. Экономикалык кайырмакка илип коюп эле, кор кылып коет. Мен ушуну дагы эле кайталайм. Биздин алдыбызда ушундай коркунуч бар.

- Учурунда Жигитов университетти таштап кетип калыптыр деп укканыбыз бар. Ал убакта университетте иштеген чоң мансап эмес беле. Ал жакта жайылган паракорчулуктаен качып ушундай кадамга бардыңыз беле?


- Ал убакта айлыгым жакшы эле. Калем акыны көп алчумун. Акча өзүмө жетчү. Экинчиден, мен өзүм жетим өстүм. Ушу жетим өсүп жүрүп уурулук кылбаган, ушунча акча таап атканда пара алмак белем. Жөн эле коюп берчүмүн. ”Болуптур, сен келип калыпсың атаңгөрү, сенин сөзүң миң сомдон ашык, кадыр-баркың эки миң сом” деп коюп берчүмүн ошондо.

Паракорлук кыргыздын канында бар да. Илгери Кушлер Кнышев деген 1927-жылы Кыргызстанга келип социологиялык изилдөө жүргүзгөн. Токтогул районуна барып, тергөөчүнү сураптыр: “Кандай доходуң бар” деп. Ал “айлык алам, анан кийин пара алам” дептир. "Сен советтик кызматкерсиң да" десе, “элдин баары эле пара алат” дептир. Паракорлук совет доорунда деле болуп келген, азыр эми шумдук күчөдү да кийинки жылдары. Кыргызстан дүйнөдөгү коррупцияга белчесинен баткан өлкөлөрдүн биринчи катарында келатпайбы.

-Айрым акын-жазуучулар “мен бала кезимен белгилүү жазуучу же драматург болсом деп эңсөөчү элем” деп сүйлөп калышат. Сизде да ушундай кыялдануу болду беле?

- Сөзсүз да. Мен өзүм математик да болчумун. Адабиятка көп кызыгып кетип, 5-класстан эле ыр жазып, 6-класстан баштап райондук, облустук гезиттерге ырларым чыгып, айылда “вундеркинд” болгомун.

7-классты бүткөндөн кийин Бишкекке келип, мектепте окуп , гезит-журналдарга көп аңгемелерим чыккан. Ошол орто мектепте окуп жүргөндө орусча китептерди көп окуп, мен кара сөз жазайын деп жүрдүм. Ыр да жаздым ал убакта, ашыктык заманда.. Бирок жалаң эле калем менен оокат кылыш кыйын болгон үчүн, мына эмесе деп илимге кирип кеттим. Газетада иштеп жүргөнгө караганда бир чети тынч да. Бир топ китеп жазып ийдим. 8-9 китеп жаздым окшойт. Анан ошентип чачырап кеттим да. Болбосо кара сөз жазсам ушу менден чыгат эле. Эми дагы өмүрүмдүн акырында, жарым-жартылай жазып койгондорумду бүтүрсөм деп жатам.

- Канча китебиңиз чыкты. Чыгармачылык өмүрүңүздү өз оозуңуздан уксак.

- Бир эки ыр китебим чыкты. Проза китебим чыкты. Анан 6-7 илимий китептерим чыкты. Назым Хикметтин ырларын которуп чыгардым. Мустай Каримдин ырларын которуп чыгардым. Бир-эки-үч пьеса жазып жибердим. Кийинки он жылдын ичинде карасам журналист болуп кетиптирмин . Интервью берип, макала жазып жүрүп. Мурун совет доорунда мен саясатка тиешелүү бир да макала жазбапмын же бир да интервью бербепмин. Жалаң адабиятка тиешелүү болгон экен ал убакта. Мурда жазган сын макалаларымды азыр компютерге терип туруп салып койдум.

- Белгилүү кишилердин 60 ка чыгып, жетимишке чыгып, юбилей өткөрүп аткандарын көп эле угабыз. Бирок Салижан Жигитовдон андайлар угулбайт, себеби эмнеде?

- Эми биздин ата-бабаларыбыз сексен-токсонго унчукпай эле чыга берген. Эмне кереги бар? Менин өзүмө кереги жок. Юбилейлерде мактоолордон тажайсың. Мен өмүр бою эле макталып келатам. Мактоодон жутаган жерим жок . Китебим чыкса да мактайт. Экинчиден, эми юбилей өткөрүп бирдеме кылайын десем элдин баарын убара кыласың да. Жолдоштор бар 60ка чыктык, жазып бересиңби деп калышат. Убара болуп, сөгүнүп атып жазып берем кээде. Өзүм той-топур, андай-мындайга каршымын түбүнөн эле.

- Көп эле окумуштуулардын арасынан чыгармачыл адамдар арак ичиш керек же тамеки чегиш керек деп айтышат да. А сизчи?

- Тамеки чегип жүрүп, ошондон кыйналбадымбы өпкөмөн дарт чыгып. Тамекини ооругандан кийин таштадым. Кыйратып тарткан деле жокмун. Аракты деле ичкен жокмун. Балачакта, жаш чакта кичине ичтим эле. Пиво да ичпейм.

-Салижан ава дайыма эле мактоодо жүрөм деп айтып жатпайсызбы. Ошентсе да ичиңизде эзген арманыңыз да болсо керек.

- Ар бир кишинин өмүрү трагедиялуу болот. Анан кийин кыла турган ишке үлгүрбөгөнүң чоң арман экен. Менин бир туугандарым өтүп кетти. Бул арман да. Кээ бирлери менден жаш эле. Жакын кишилер, айылдагы мен жакшы көргөн кишилер, теңтуштарымдын көбү өттү. Эң чоң арманым, өзүмдүн потенциалымды толук турмушка ашыра албай калып, ошо боюнча өлүп каламбы деп коркунуч бар да. Менин эки романым чыкпадыбы. “Кызыл күүгүм” деген, ошонун аягына чыксам. Анан “Ит наама” деген китепти (мурун жазылган), аягына чыгарып койсом болот эле... Азыр эми, ырларымды дагы бир спонсор тапсам чыгарып коеюн деп атам. Бир-эки миң экземпляр кылып.

Макалаларымды дагы - кийинки он жылдын ичинде саясый темаларда жазгандарымды, ошолорду дагы оңдоп койсом, китеп кылып чыгарсам болот эле. Сын макалаларым демекчи, ага күчүм жетпейт окшойт. Азыр эми “Кыргыз адабиятынын тарыхы суроо-жооптор күзгүсүндө” деп бир кыргыз адабиятынын тарыхы жөнүндө жазып аттым эле. Гезиттерге чыкты. Мугалимдер гезиттен кыркып алып, китепчедей кылып алышыптыр. Ошону бүтүрүп коеюн дедим эле. Ага да күчүм жеткидей эмес. Бирок жазганымды оңдоп түздөп коеюн деп жатам, биздин университет чыгарып коер.
XS
SM
MD
LG