Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

АКШ мамкатчысы Ооганстан, Пакистан ТИМ министрлери менен жолугат


Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүнө караганда, Хиллари Клинтон Пакистандын Тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши менен Вашингтондо бүгүн, ал эми Ооганстан Тышкы иштер министри Рангин Дадфар Спанта менен бейшембиде кездешет. Андан соң үч өлкөнүн тышкы саясий мекемелеринин башчылары биргелешкен сүйлөшүү да өткөрүүсү керек.
Учурда АКШ өкмөтү ооган –пакистан чөлкөмүндөгү саясатын кайра карап жатат. Президент Барак Обама өткөн аптада Ооганстанга кошумча 17 миң аскер жөнөтүү чечимин жарыялаган. Ушу тапта Ооганстанда "ал-Каида" жана талиб согушкерлерине каршы күрөшүп жаткан америкалык аскерлердин саны 38 миңдин тегерегинде.

XS
SM
MD
LG