Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Каадасы жоктор карысына асылат


Бүгүн жарык көргөн гезиттер өлкөдөгү коомдук-саясий абалга, АКШ базасынын Кыргызстандан чыгарылышына байланышкан маселеге кайрылышты.

Экономика илимдеринин кандидаты Калнур Ормушевдин: “Ислам Каримов мамлекеттик ишмер жана эң мыкты менеджер” деген интервьюсун бүгүн жарык көргөн “Аалам” гезити жарыялады. Автор кабарчынын суроолоруна берген жообунун акырында: “Өзбекстан учурда самолетторду, автомобилдерди чыгарып, өндүрүшү өргө тартып, улам жаңы технологияларды өздөштүрүп, өз өлкөсүнүн келечектеги стратегиялык милдеттерин ишке ашырып жатканын кеп кылат. Анын жазганы боюнча Кыргызстандын Өзбекстандан үйрөнө турган нерселери көп. “Эгер Өзбекстан менен башында эле жакшы мамиледе болсок, газ маселеси башкача чечилет эле, эми да кеч эмес, анткени Өзбекстандын талааларына суу керек, келгиле, эки тараптын тең кызыкчылыгын канааттандырган жол табалык” деп жыйынтыктайт автор аңгемесин.

Ушул эле гезит бир макаласынын атын:”АКШ базасы, Кыргызстан жана геосаясат” деп атады. Гезиттин үчүнчү беттеги макаласы “Карысы бардын ырысы бар” деген ат менен жарык көрдү. Анда “Каадасы жоктор карысын каптайт” деген аталыш менен журналист Жолдошбек Зарлыкбековдун макаласы жарык көрдү. Ж. Зарлыкбеков “Жаңырык апта” гезитиндеги журналист Нурслан Акматовдун мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевди күнөөлөгөн макаласына каяша жообун берген. Ж. Зарлыкбеков: “Акматов “журналист нака трайбалист экенин көрсөтүп, “Талаское делодо” таластыктарды өстүрбөгөн, А. Нурбеков тарыхчыны эмне кылганы белгисиз, Т. Субанбердиевдин кемпири айтып берет... дептир. Булар тууралуу сөз тарыхта өз-өз ордуна коюлган. Көп ирет жазылган. Турдакун аксакал өзөктүү маселелер туурасында фундаменталдуу эмгектерин жазды. Анан элдин эң арты болуп ушул жарык согончок калды бекен. Ушул Акматовду жакшылап догдурдан өткөрүп алып, аман-соо жазганын басып жүрсөңөр болот беле?.. Же демократиянын хаосу менен каалаганды жаза берс болобу? “Ардуу жигит атасын сыйлайт, каадалуу калк- карысын сыйлайт” дейт. Эгер минте берсек кыргыз болбой, кедерибизден кетебиз, улуубузга кичүүбүз опурулуп, жардан кулайбыз. Кара курсактан мурда, бабадан калган каада кадыры өйдө. Акматовдун жөнсүз ар сөзүнө бир сөз менен жооп айтып олтурбайлы дедик. Эми болору болду, айтарын алашалбырт Акматов айтыптыр, уялганын биерде көпчүлүк эл, биз уялдык” деп жазат.

“Ачык саясат” гезити экс-депутат, медицина илимдеринин доктору Ташполот Балтабаев менен маек курду. Т. Балтабаев мегинде: “АКШнын авибазасын чыгаруу менен К. Бакиев орустардын пулуна муктаж болуп, аны алган соң күркүрөтүп шайлоого чыгып, орустун акчасына кыргыз шайлоочуларынын добушун сатып алууну көздөөдө”, - деп айтты. Кабарчынын: “Эмне үчүн Бакиев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого барат деп ойлойсуз?” деген суроосуна Ташплот Балтабаев: “Себеби ал дагы бир жарым жыл бийлик башында олтурса кырдаал башкарууга мүмкүн болбогон абалга жетет. Ал ансыз деле өлкөнү талкалап, жетер жерине жеткирип койду” деп жооп берди. Андан ары Ташполот Балтабаев саясый аң-сезими төмөн элдерде “хан бизди жыргатат” деген сезим күчтүү болорун, Бакиев революция сунуштаган талаптарды аткармак тургай элдин кызыкчылыгын тебелей баштаганын сөз кылат. Андан ары Ташполот Балтабаев: “Акыркы кездерде Бакиевде элди кор тутуп, оппозицияны зордуктай берсе болот экен деген жаңылыш пикир пайда болгонун, элге жек көрүндү болуп бүткөнүн сезелектигин, Бакиевдин аракети өлкөнү өнүктүрүүгө багытталбастан, өз үйбүлөсүнүн, ини, балдарынын жеке кызыкчылыгы үчүн мамлекет тагдырын, өлкө тагдырын будамайлоого багытталып жатат” деп айтат.

Гезит ушул эле санында түрмөгө олтурары менен өлтүрүлгөн карачай калк диаспорасынын өкүлү Исмаил Кочкаров жөнүндө жазып, Бишкектеги №1 СИЗОнун башчысы Маматалиевге 5 суроо, Адилет министринин орунбасары Зубовго 6 суроо менен кайрылган. Аталган макаланын баш сөзүндө Кыргызстандын кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Рысбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу көлдүктөр уюштурган нааразылыктын башында Р. Акмтабаевдин жакын адамы И. Кочкаров тургандыгын, чоң кылмышкер Р. Акматбаев мамлекет башчысы К. Бакиев менен ар кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү коомчулукта айтылып жүргөнүн, маркум Рысбектин жашыруун сырларын И. Кочкаров билет деген сөздөр бар экенин баяндаган.
XS
SM
MD
LG