Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:47

«Талант тагдыры» түрмөгүнүн бул жолку чыгарлышында жумурай журтка жаңыдан таанылып келе жаткан обончу, комузчу-аткаруучу Үсөк (Үсөнаалы) Өмүралиев тууралуу сөз болот. Ал өзү менен кесиптеш обончулардан өзүнчө чыгармачылык үнү, жүзү бар обончу, комузчу-аткаруучу.

«Ар бир гүлдүн өзүнчө жыты бар» дегендей жарык дүйнөгө ыңаалап келгенде асан чакырып койгон аты Үсөнаалы, ал эми бешиктен бели чыгып, боорун жерден көтөргөндө Үсөк деген ысымга конгон Өмүралиев азыркы самандай сапырылган обончулар менен ырчылардан таптакыр айырмаланган өзүнчө үнү, өзүнчө чыгармачылык жүзү бар обончу жана комузчу-аткаруучу. Ал көк мелжиген аска-зоолорго бай Теңир-Тоонун койнундагы жайдыр-кыштыр ак элечек оронгон Ат-Башынын Кара-Коюн (азыркы Казыбек) атындагы жылкычынын үй-бүлөсүндө туулат. Үсөк балалыктын балдай татуу күндөрүн, жалындаган жаштык кезин малдын четинде, айтылуу Арпа, Ак-Сай жайлоолорунун беттеринде өткөрөт. Ал мектеп босогосун аттап, тамга тааныгандан баштап, тегинде ырчы, комузчу жок болсо да ырга ынак, күү жандуу өсөт.

Үсөк “Пограничник” орто мектебинде, Ат-Башы мектеп-интернатында окуп жүргөндө окуучулардын өздүк көркөм чыгармачылыгына жандуу катышат. Комузду черткенди, коштоосунда ырдаганды үйрөнөт.

Үсөк кимдердин таалим-таасирлери аркасында ыр менен күүнүн дүйнөсүнө аралашканы жөнүндө буларды айтат:

- 1962-жылдары Ат-Башы мектеп-интернатында окуп калдым. Менин шыгымдын ойгонушуна, обон чыгарышыма, комуз чертишиме биздин Ат-Башыдан чыккан обончулар, комузчулар Жумамүдүн Шералиевдин, Жоломан Чороевдин, Калыйбек Тагаевдин, Черикчи Бакасовдун, Базарбай Томотоевдин ырдаган ырлары, черткен күүлөрү бирден-бир булак болду деп эсептейм. Ошентип алардын таалим-таасирлери тийди. Мен комуз черткенди 5-6-класстарда окуп жүргөндө үйрөндүм. Кийин болсо комузчулар Тургунаалы Медетов, Медербек Исаковдордон күүлөрдү үйрөндүм. Комуздун аркасы менен Москвада өткөн эл чыгармачылыгынын Бүткүл Союздук кароолоруна, сынактарына эки жолу катыштым. 1964-жылдын аягында мектепте окуп жүргөндө, 1972-жылы болсо Бүткүл Союздук телефестивалынын лауреаты болуп кайттым.

- Үсөк мырза, жалпы чыгармачылыгыңдан маалымат бергениңе чоң рахмат. Алгачкы обонуңду кимге, эмнеге арнап чыгардың эле?

- Алгачкы обонумду 1968-жылы чыгардым. Ата-энем өмүр бою жылкы багып дайыма жайлоодо жүрчүбүз. Ошол өзүм кымызын ичип өскөн, ата-энем жүргөн жайлоолорго арнап, акын М.Эшмамбетовдун сөзүнө “Кыргыз жайлоосу” деген обонумду чыгардым. Аны эл алдына ырчы Ысмайыл Мураталиев ырдап чыккан эле.

- Ал эми “Боз үй” аттуу обонуңду кадимки кыргыз боз үйүнө арнап чыгардың беле?

- Бул ырымдын сөзүн Мукамбет Эшмамбетов деген айылдык акын берди. Эки-үч күн обон чыгарбай эле бала кезимди, боз үйдү төөлөргө, аттарга, өгүздөргө жүктөп алып көчкөн күндөрдү, жайлоолорду, тоолорду, зоолорду, шамалдарды элестетип жатып алдым. Анан алардын баарын көз алдыман өткөргөңдөн кийин “Боз үй” аттуу обонумду чыгардым.

- Үсөк мырза, “Кыялым Арпа, Ак-Сайда” аттуу ырыңды кандайча кыялданып, толкунданып чыгардың эле?

- Эл акыны Шайлообек Дүйшеев менен бала кезимден бирге өсүп, бирге чоңойдук. Бир жолку жолугушуумда Шакеме айтып калдым. Шаке, Калыйбек Тагаев Ат-Башы жөнүндө 2-3 ыр жазып алды. Ал эми Жумакем (Жумамүдүн Шералиев) болсо “Ак-Сайды” жазып салды. Экөөбүз эмнени жазабыз – десем, Шакем – анда эмесе Арпа менен Ак-Сайды кошуп туруп сөзүн мен, обонун болсо сен жаз деди. Макул болдум. Ошентип, бул обонум чыккан эле.

- Үсөк мырза, ар бир ырдын сыры бар дегендей “Бешик ыры” аттуу ырыңды элдик “Бешик ырлардын” үлгүсүндө чыгардың беле?

- Бул ырымдын чыгышы да өзүнчө кызык. Эл акыны Сооронбай Жусуевдин “Бешик ыры” аттуу ыры “Чалкан” журналына жарыяланып калды. Ошол кезде жаңыдан төрөлгөн баламды багып үйдө отуруп калдым. Ошондо балама арнап чыгарган элем.

- Үсөк туулган жер, өскөн өнгөн эли жөнүндөгү жайдары аваздык ыргактарга бай ар кандай жүрүштөрдөгү мукамдуу обондордогу атуулдук ырларды чыгаруу менен бирге бозойлор менен селкилердин өлбөй, өчпөй турган тунук махабаттарына аоналган “Сүйгөн жар”, “Жаштык кумары”, “Күтүү”, “Жетип ал” аттуу ашыктык ырларын да чыгарат.

Үсөк башка кесиптештериндей обон чыгарат деген ушу турбайбы деп үстөкө-босток чыгарбастан ар бир обонунун “жоонун басып, тишин ачып” аваздык көркөмдүүлүгүн салмактап, таразалап, саны үчүн эмес сапатына, карапайым угуучулар менен коюн-колтук алыша жашап кетиши үчүн күрөшөт. Ошондуктан, ал бир обонду айлап, жылдап, кайра-кайра оңдоп, тигил жу бул ырчыга кайра-кайра ырдатып, көңүлүнө жагып, купулуна толгондо гана угуучуларга тартуулайт. Үсөк күнүмдүк атак-даңк үчүн эмес ырларын угармандардын жан шериги болушу үчүн аракеттенет.

- Үсөк мырза, баардашуубуздун соңунда бүгүнкү күндөгү обончулардын чыгарышкан обондору, ырчылардын ырдап жатышкан ырлары жөнүндө өзүңдүн жеке оюңду айта кетсең?

- Менин жеке оюм боюнча, азыркы обончулардын ырларында улуттук колорит жок. Алардын обондорунан түрктөрдүн, өзбектердин, индустардын, казактардын обондорунун ыргактарын угам. Ырчыларыбызда үн, аткаруучулук чеберчилик жок. Анан баары эле “жылдызбыз, жылдызбыз” дешип жылдыз курттайдай жайнап кетишти. Азыркы обончудардын обондору комузга да, кыяка да түшпөйт. Алар интернеттен уурдалып алынган 3-4 гана жасалма ноталар. Бүгүнкү күндө айылдагылар Мусанын, Атайдын, Жумамүдүндүн, Мыскалдын ырларын укпай калышты. Радио менен телеберүүлөр болсо тырмакчанын ичиндеги “жылдыздардын” ырларын гана байма-бай берип, угуучулардын жан дүйнөлөрүн талкалап жатат. Айылга барганда кырк жашка чейинки жаштарда “жылдыздарды” каңкылдашып коюшат. Аларды угушат. Айлабыз кеткенде “ой каңкылдатпай токтот” дейбиз. Эки бүгүнкү обончулардын ырлары, ырчылардын ырдаган ырлары, сөздөрү, көркөмдүгү жөнүндө айтса сөз көп. Эмне үчүн маданият жана маалымат министрлигинин жетекчилери азыркы обончулардын, ырчылардын чыгарган обондорун, ырдаган ырларын көрүп, билип, угуп жүрүшсө да көрмөксөнгө салып келишүүдө.

- Маегиңизге рахмат, Үсөк мырза. Албан-албан чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.


XS
SM
MD
LG