Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Сузак районунун 90 жылдыгына даярдыктар башталды


Күзүндө болчу мааракеге чейин 90 иш-чара өткөрүү чечими кабыл алынып, анын алгачкысы - китепканачылар үчүн семинар бүгүн Ырыс айыл өкмөтүндө өттү. Бул тууралуу акимдин орунбасары Гүлжан Асанова билдирди. Анын айтымында, Барпы акындын 125, акын Түмөнбай Байзаковдун 85 жылдыгы да ушул жылы уюштурулат. Жазуучу Узакбай Абдукаимовдун 100 жылдыгы тууралуу маселе козголууда, бирок, ал чечиле элек. Райондун мааракесин чагылдыруу үчүн маалымат каражаттарынын арасында сынак уюштурулду. Мыкты деп табылган электрондук маалымат каражаттары менен үналгы-сыналгылар жана гезиттер үчүн 15 миң сомдон 5 миңге чейинки жана ар түрдүү баадагы кызыктыруучу сыйлыктар каралган.(YA)

XS
SM
MD
LG