Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:10

Шайлоо шалдыркандары


“Дело №" гезити Бишкек гарнизондук аскер соту генерал Исмаил Исаковдун ишин март майрамынан кийин карай турган болду деп, ошол эл учурда дагы бир оппозиционер Азимбек Бекназаровдун уулу Эрнис Бекназаровго Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду деп, кылмыш иши козголгондордун катарына экс-министр Аликбек Жекшенкуловдун уулу Беккул Жекшенкулов да бар деп кабарлап, өзүнүнүн негизги атаандаштарына камай тургандай илинчек таппаганда ушинтип алардын балдарын же жакындарын абакка олтургузмай бийликтин Акаев доорунан бери карай келаткан эң “жакшы” ыкмаларынын бири болуп калды деп түшүндүрмө берди.

Гезит мындан тышкары Жалал-Абад дубанында мүчөлөрүнүн саны 1 жарым миңге жеткен спортчулардын “Ак каркыра” аттуу коому Кыргызстандын калкына президенттик шайлоону 2010-жылы эмес, ушул жылдын аягында өткөрүүнү колдоо чакырыгы менен кайрылгандыгын маалымдады. “Ак каркыра” коомунун президенти Кадыр Бечеловдун айтымында жалалабаддык спортчулар азыркы президент К. Бакиевдин талапкерлигин колдойт жана 2010-жылды жаңы шайланган президент К. Бакиев менен баштагылары келет.

“Дело №...” ошону менен бирге эле “Сиздердин партия өз талапкерин президенттикке койгонго даярбы?” деген суроо менен айрым саясый партия башычыларына собол салганда алар минтип жооп беришти:

“Ак шумкар” партиясынын башчысы Т. Сариев:- Партия деген ар кандай саясый өнөктүктөргө катышуу үчүн түзүлөт. Шайлоо качан болот, ошондо көрөбүз.

“Ата Мекен” партиясынын башчысы Ө. Текебаев: - Биздин партия президенттик эле шайлоого эмес, жергиликтүү жана парламенттик шайлоолорго да катышууга даяр. Биз президенттикке талапкер тандоодо коомчулуктун маанайын аныктап алып, ошого жараша иш кылабыз.

“Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору А. Жекшенкулов: - Биздин кыймыл юридикалык жактан катталбагандыктан шайлоого катыша албайбыз. Бирок оппозициялык күчтөр менен бирдикте өз талапкерлигибизди жарышка алып чыгабыз. Бирок анын ким экенин азырынча айтпайбыз.

“Арнамыс” партиясынын лидери Э. Алиев:- биз азырынча муну талкуулай элекпиз.

“Асаба” партиясынын мурдагы башчысы А. Бекназаров:- Адегенде президент менен парламент шайлоонун качан болорун аныктап алышсын, анан көрөбүз.

Социал-демократтар партиясынын төрага орунбасары Б. Бешимов:- Биздин партия өз лидерибиз А. Атамбаевди президенттикке алып чыгабыз.

“Эркиндик” партиясынын мурдагы төрагасы Т. Тургуналиев:- Тилекке каршы биздин партиянын азыркы жетекчиси К. Бакиев менен Акүйдү көздөй бурулуп кетти. Көбү буга нааразы. Ошондуктан шайлоо жөнүндө сөз да жок. Бирок бул президенттик шайлоо мурдагылардан да ыплас өтөт. Президент 10 пайызга жетпеген добуш алат. Бирок 60 пайыз добушту кагаз жүзүндө жасап салышат. Ошон үчүн келаткан шайлоого катышып, Бакиевдин шайлоосун легитимдештирүүнүн ордуна деги эле шайлоого катышуу керекпи же жокпу деген суроо турат, ушуну ойлонуп көрүү керек.

“Кыргызстан коммунисттер” партиясынын башчысы И. Масалиев:- Дайым даярбыз. Балким талапкерлердин бирин жактап катышарбыз. Азырынча аны талкуулай элекпиз.

Гезит кабарчысы мындан кийин “Ак жол” партиясынын штабына чалып: “Биз андай суроолорго жооп бербейбиз” деп телефондон орой түрдө кагып салган жооп алганын, өзүн “элдик” деп атаган партиянын элге жасаган мамилеси ушундай болгонун, Кыргызстанда ушу тапта 100дөн ашуун саясый партия ырасмий түрдө катталганын кошумчалады.

“Энергетика ишканаларын менчиктештирүү күн тартибиндеги эң эле талуулуу маселелрдин бири бойдон кала берүүдө. Анткени ал көчө шыпыргычтан тартып, Жогорку Кеңештеги депутатка чейин тиешеси бар” деп жазган “МК Кыргызстан” гезити жакында эле Бишкекте өткөн жыйында көз карандысыз эксперттер “Энергетикалык объектилердин сатылышы - кылмыш” деген жыйынтыкка келишкенин баяндады.

Сатып алуучулардын укуктарын коргоо боюнча Координациялык кеңештин мүчөсү Николай Кравцев энергетиканы менчикке берүү Кыргызстанды өлтүрүү менен барабар деди. Энергокомпаниялардын жоготуулары жылына миллиондогон сомго жетүүдө. Аны сатып жибергенден эч пайда болбойт. Кыргызстандын башкаруу системасы ушунчалык башы жок бака, көзү жок көгөнгө айланып олтуруп, бул тармакты так ушундай абалга кептеген. Ошондуктан сатуунун ордуна энергетиканы башкаруу системасын түп-тамырынан оңдоп чыгуу зарыл.

Мындай тажрыйбалар дүйнөдө толтура. Маселен Францияда мамлекеттик компаниялардын акциялары эч качан сатылбайт, ал мамлекетке гана таандык. Көз карандысыз эксперт Н. Кравцев андан ары 90-жылдары казак туугандар кетирген катачылыктарды кайрадан эске салган. Ошондо казактар да азыркы бизге окшоп энерготармагын белгиялык бирөөлөрдүн жеке менчигине сатып жиберген. Анан баа асмандап, калк карайлап калганда Казакстан 4 жылдан кийин кайра сатып алган. Мына ошол жаңылыштыктын баасы казактар үчүн 100 млн. доллар турган.


XS
SM
MD
LG