Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:17

ЖОЖдордо коррупциянын алдын алуу боюнча атайын комиссиялар түзүлөт


Бул тууралуу буйрукка Билим берүү министри Абдылда Мусаев кечээ кол койду. Комиссиянын курамына студенттер, алардын ата-энелери жана коомдон өкүлдөр тартылат. Февраль айында жаңы дайындалган министр А.Мусаев коррупция менен айыгышкыс күрөш жүргүзөөрүн айткан. Учурда Кыргызстанда 49 ЖОЖ бар. Алардын 16 сы - мамлекеттик. Республика боюнча 51335 студент бар экени айтылууда. Коррупция билим берүү тармагында эң көйгөйлүү маселерди бири катары аталган. (EK)

XS
SM
MD
LG