Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:36

Исмаил Исаков Гүлчөдө эл менен жолугушту


Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаков жакында көзү өтүп кеткен жакындарына куран окутуу максатында Гүлчөдөгү “Элим” кафесине даярдык көргөн. Бирок бийлик өкүлдөрү кафени жаап, андагы тамак-аштарды төктүрүп салган. Мына ошондон кийин Исаков жана анын 300дөй тарапкерлери Гүлчөдөгү мал базарга чогулуп, өздөрүнүн иш чарасын өткөргөн. Анын учурунда жергиликтүү акимчилик уюштарган бир топ адамдар иш чараны үзгултүккө учуратууга аракет жасаган. Бирок алардын максатын ишке ашырууга эл жол берген эмес. Бул тууралуу БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдирди.Бекназаровдун айтымында, бийлик уюштурган топтор Бекназаровдун Алайга келишине нааразылык билдирип, ага каршы кыйкырык-чуу салышкан. Өз кезегинде Бекназаров Исмаил Исаковдун адвокаты экенин жана ага козголгон кылмыш иштер тууралуу маалымат берүү максатын көздөп жатканын билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG