Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

Кытайдын Шинжаң Уйгур автоном районунда кырдаал курчушу мүмкүн


Кытайдын аймактык расмий өкүлүнүн айтымында, быйыл түпкү калкы түрк тилдүү мусулмандар болгон Шинжаң Уйгур автоном районунда коопсуздук кырдаалы курчушу ыктымал. Өкмөттүк Синхуа агенттиги үчүн курган маегинде, Шинжаң-Уйгур автоном районунун аткаруу бийлигинин төрагасы Нур Бекри үстүбүздөгү жылы саясий күрөш курчушу мүмкүн деп билдирген. Былтыр Бээжиндеги Олимпиаданын алдыңкы айларында Шинжаң Уйгур аймагында бийликке каршы айрым чыгуулар болгон, алардын көпчүлүгүн расмий Бээжин жикчил уйгурлардын кыймылы менен байланыштырган. Аймакта 8 миллиондон ашуун уйгурлардан тышкары, кыргыз, казак, тажик, дунган сыяктуу мусулман калктар, ошондой эле ханзу, монгол тилдүү жана башка улуттардын өкүлдөрү жашайт. Кытайда Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагы бар, анын борбору - Артыш шаары.

XS
SM
MD
LG