Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Кореяда 2,5 миңдей кыргызстандык мыйзамсыз иштеп жүрөт


Алардын мыйзамдуу иштешине шарт түзүп берүү өтүнүчүн парламенттеги “Ак жол” фракциясынын лидери Улугбек Ормонов Түштүк Кореядан келген делегаттар менен жолугушуп жатып билдирди. У. Ормоновдун айтымында, 2008-жылы чакыруунун негизинде 460 гана адам ишке орношкон. Корей тилин үйрөнүп жумуш күтүп жаткан кыргызстандыктар төрт миңдеп саналат. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын билдиришинче, Түштүк Кореядан келген делегециянын жетектеген аталаган мамлекетин Улуттук Ассамблеасынын депутаты Ким Сонг Те кыргыз тарапты бул айтылган маселелер иликтенип, талкууланарын ишендирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG