Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:50

ИИМ: А. Жекшенкуловдун тапанчасы баллистикалык экспертизадан үч жолу өткөрүлдү


Мындай маалыматты бүгүн журналисттерге ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Алтынбек Бообеков билдирди. Анын айтуусунда Аликбек Жекшенкуловго таандык тапанча алгач эки ирет ИИМде жана адилет министрлигинде текшерилди. Андан кийин Астана шаарында баллистикалык экспеортизадан өткөрүлдү. Булар үчөө тең 2007-жылы 9-декабрда Таласта өлтүрүлгөн түрк ишкери мына ушул тапанчадан атылган октон өлгөнүн далилдөөгө негиз берди, дейт Алтынбек Бообеков. Ал эми мамлекеттик соттук-медициналык экспертиза борборунун адис кызматкери Павел Берхтольд баллистикалык экспертиза жүргүзүү иштерине Аликбек Жекшенкулов өзү катышкан, деп маалымдады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG