Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:43

Жайыл районунда аңчылык менен балык кармоого тыюу салынды


Бул туурасында Чүй облустук администрациянын басма- сөз кызматы «Азаттыкка» маалымат берди. Алардын билдиргенине караганда кечээ Жайыл райондагы жергиликтүү кеңештин депутаттары аңчылык жана балык улоого карата мораторий жарыялашкан. Жергиликтүү кеңештин чечимине ылайык эми Жайыл районунун бардык аймагында анчылык кылууга жана Суусамыр өрөөнүндө балык улоого тыюу салынат. Буга аймактагы аңчылык менен балык улоонун өтө күч алып, өзгөчө улар, кекилик өңдүү айрым канаттуулардын такыр эле тукум курут болуп баратканы себеп болгон. Мораторий эки жылга белгиленди. (JJ)

XS
SM
MD
LG