Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Эртең кеч болуп калат...


Жарык көргөн гезиттердин дээрлик баары А. Жекшенкуловдун камалышы жана оппозицияга куугун-сүргүнгө байланышкан окуялар жөнүндө жазып чыгышты.

Алгач “Азаттыктын” окурмандарына кабарлай кетели, “Агым” гезитин “Вечерний Бишкек” гезитинин кожоюну Александр Ким сатып алып, гезиттин башкы редактору болуп айтылуу журналист Алым Токтомушев дайындалганы коомчулукка белгилүү. Бирок кандай бийлик болсо да өзүнүн туруктуу позициясынан эзели жанбаган журналист Алым Токтомушев мындан ары “Агым” гезити менен иштеше албасын айтып, кызматтан бошоп кетенин “Азаттык” үналгысынын гезитбаяндамачысына өзү билдирди.

“Биздин өлкө таңгаларлык өлкө. Тигил же бул адам мамлекеттин бийик даражалуу кызмат органдарында турганында кол тийгис ыйыктардын бири катары саналат да кызматтан кетери менен дароо коррупционер, ал тургай адам өлтүргүч кылмышкерге айланат” деп башталган “Лица” гезитиндеги макаланын аты “Жекшенкуловдун тапанчасынан кимдер аткан?” деп аталат. ИММ кызматкери Эшмурза Азимжановдун айтуусунда, эгер күнөөсү далилденсе А. Жекшенкулов 20 жылга эркинен ажыратылышы ыктымал. Ал эми А. Жекшенкуловдун адвокаты Зотова: “Биздин өлкөдөгү тергөө иштери каалагандай бурмалана бериши мүмкүн. Ошондуктан көз карандысыз экспертиза өткөрүүгө жолдомо берүүгө аракет кылабыз” деди.

Саясатчы Ө. Текебаев муну: “Кыргызстанда саясый күрөш жаңы фазасына өттү. Ойлонулуп жасалган мындай иштердин баары оппозицияны коркутуп-үркүтүүгө багытталган” деп мүнөздөдү. Саясат иликтөөчү Н. Омаров: “Өткөн жылдын аягынан тартып эле Кыргызстандын президенттигине талапкерлик кылгандардын артынан сая түшмөй башталган. Кыргызстандын коомчулугу президенттин айланасындагылардын мындай саясый жактан сабатсыз, атайылап жасалган аракеттерине каршы туруусу зарыл” деп айтты.

Гезит андан ары минтип жазды: “Героин матрешкасы, кесилген сөөмөйлөр менен кулактар, анан киши өлтүрдү деп күнөөгө жыкмай Бакиевдин башкаруу доорунда абдан популярдуу болуп кетти. Күч органдарын элге карашы коюу жарандык согушка алып келиши мүмкүн. Жекшенкуловду камаккка алгандык, бийликтин учурда жасап жаткан кадамдары… Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн чексиз бийлиги… Мындайдын далайын көргөнбүз. Бүгүн дал ушул бийликтин атынан чыгап аткан Досбол Нур уулу, Элмурза Сатыбалдиев эртең эле соттоло тургандардын катарынан орун алып калышы ажеп эмес. Анткени буга эч ким кепилдик бералбайт. Мындай ичтен ириткен иштер качан токтор экен? Бийлик башындагылар убакыт деген учкан куш, аккан суу экенин, бул өңдүү “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илемдик” эртең эле кызматтан кетери менен өзүлөрүнүн баштарына түшөрүн качан түшүнөр экен? Өлкөдөгү мындай абалды эч нерсе менен актоого болбойт. Бул опурталдуу машинаны көптөп токтотуп калбасак, эртең кеч болуп калат. Ошондуктан оппозиция болсун, Бакиевге жакын санагандар болсун күн тартибине: “Канткенде кыргыз элин кылмыштуу бийликтен сактап калабыз?” деген гана маселени коюшу керек” деп жазды.

Ушул эле гезит : “Экөө мени бычактап, экөө колумду талкалап жатты” деген аталышта журналист Б. Букашеванын ооруканадагы журналист С. Абдылдаев менен интервьюсун окурмандарга тартуулады. Сыргак анысында окуя кандай болгонун толук баяндап берген.

“Бийлик канчалык тайраңдаса, анын тагдыры ошончолук опурталдуу кыянаттыкка тушугат” деп айткан Эдмунд Берктин накыл сөзүн рубрика кылган “Айат пресс” гезити окурмандардын бир нече каттарын окурмандарына тартуулады. Алардын бирине токтоло кетели. “Көп маселелерди күч менен чечип көнгөн Д. Үсөновду администрация башчылыгына алып келүү менен К. Бакиев кандайдыр бир деңгээлде репрессиялык жолду тандап алды” деп жазат Бишкектен, саясат таануу илиминин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаев. Автор андан ары Бакиевде бийликти сактап калуунун эки жолу бар экенин көрсөтөт. “1-ден – социалдык-экономикалык реформаларга жөндөмсүздүк, коррупцияга чечкиндүү күрөш жүргүзө албагандык. Өзбекстандагыдай чылгый авторитардык жол менен бийлигин сактап турууга аргасыз кылат. Бирок андай жолго кыргыз эли узакка моюн сунуп берерине күмөнмүн. 2-ден – эгер оппозицияны колдогон нааразылык акциялары массалык түргө өтүп, аны күч менен коркутуп басуу мүмкүн болбой баратса “бул балдарды билесиңер, башынан эле кызуу кандуу болучу, туура эмес кылышты” деп акыркы мүнөттөрдө А. Мадумаров менен Д.Үсөновду садага чаап элдин айбатын басат да, 100 пайыз такыр башка команда түзүп, элди үмүт арттырат. Албетте, президентке мындай чечкиндүү кадамдарга барууга үй-бүлөлүк клан уруксат берсе гана ушундай болушу мүмкүн. Биздин шартта бул өтө кыйын маселеге айланды. Үй-бүлө экс-үй-бүлөдөн сабак алган жок. Напсинин кулу болуу акыры, напсинин курмандыгы болууга алып келет” деп белгиледи.

“Жаңырык апта” гезитинен сиздер “Кыргызстандын аянты күйгөн теринин кейпин кийүүдө”, “Ыңкылапта жоголгон миллиондорду ким басып жатат?”, “Сахна сасыткылардан арылабы?”, “Келечек кимдин колунда, жаштардынбы же акчага мастардынбы?” деген аталыштагы ж.б. макала, интервьюларды окуй аласыздар.

“Учур” гезити “Оппозиция менен бийликтин сүйлөшүүлөрүнөн кандай жыйынтык чыгышы мүмкүн?” деген суроо менен айрым атуулдарга кайрылган, алар минтип жооп беришти:

Акыйкатчы Т. Акун: - Жыйынтыгын жакшы үмүт менен күтө туралык. Алгачкы эле сүйлөшүүдөн оң натыйжа чыгып кетпейт да.

Ревком мүчөсү Т. Тургуналиев: - Мындан эч бир көңүл тойгузган жыйынтык чыкпайт. Мисалы баш прокурор баш болуп Кыргызстанда саясый куугун тургай анын жыты да жок деп айтып атат. Бакиев башкарып турган мезгилде эч качан адилеттүүлүк болбосуна дагы бир ирет көзүм жетти.

Кыргызстан компартиясынын башчысы К. Ажыбекова: - Эң башкысы эки тартаптын пикир келишпестигинен карапайым калк жабыр тартпаса болду.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалиция башчысы Д. Ошурахунова: - Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Мен бийликтин бүгүнкү кылып жаткандарына кыжырланып атам.

“ЭрК” партиясынын башчысы Т. Бакир уулу: - Сүйлөшүүгө баш прокурор катышыптыр. Ал эң башкы саясый жетекчиликке кирбейт. Экинчиден, сүйлөшүүгө президент катышкан жок. Демек бул жөн гана убакытты созуу. Саясый спеектакль. Оппозицияны бири-биринен бөлүп-жаруу.
XS
SM
MD
LG