Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

Герман канцлери Франциянын НАТОнун башкаруу чөйрөсүнө кайтуу чечимин колдоду


Бүгүн Германиянын канцлери Ангела Меркел айым Франциянын президенти Никола Саркозинин өз өлкөсүнүн НАТОнун аскердик башкаруу тармагына кайра кайтып келе тургандыгы тууралуу чечимин жактыруу менен кабыл алганын айтты. Бул тууралуу ал Берлинде президент Саркози менен жолугушуусу учурунда айтты. Мындан 40 жылдан ашуун илгери расмий Париж НАТОнун стратегиялык пландоо тармагын тейлей турган түзүлүштөн чыгып, АКШнын Европадагы улам күчөгөн таасирине нааразылык билдирген болчу. Келээрки айда НАТО өзүнүн 60 жылдык мааракесин француздардын Страсбург шаарында өтчү саммитте белгилейт.

XS
SM
MD
LG