Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

Парламент Жер кодексине өзгөртүү киргизген жатат


Жогорку Кеңеш Жер жөнүндөгү кодекске өзгөртүү киргизүү маселесин карап, Айыл, суу чарба министри Искендербек Айдаралиев маалымат берип жатат. Негизги талашты жерди бир жылга күрөөгө коюп, дыйкандардын кредит алуусуна негиз берген жобону киргизүү маселеси жаратты. Министр Искендербек Айдаралиевдин айтымында, уюштуруучуларынын көбү чет жердик жарандар болгон банктардан кредит алуу үчүн жерди бир гана жылга күрөөгө коюу сунушталууда. Депутаттар мындай жобо дыйкандарды бара-бара жерсиз калтырат, себеби каражатты банкка кайтарып бере албаган дыйкандардын жери колдон-колго өтүп кетиши мүмкүн, ошон үчүн бир жылдан кийин жерди банк сата албагандай жобо киргизүү зарыл деген сунуштарды айтып жатышат.Министр И.Айдаралиев жерди күрөөгө коюп кредит алуу жобосун киргизүүнү дыйкандар өтүнүп жаткандыгын билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG