Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

БЭК: "Оппозиция президент менен да сүйлөшүүгө барбайт"


Мындай маалыматты "Азаттыкка" БЭКтин Улуттук кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев президенттик катчылыктын оппозиция менен бийликтин сүйлөшүүсүнүн токтогондугуна байланыштуу билдирүүсүнө жооп катары берди. Катчылык оппозиция менен бийликтин сүйлөшүүсүнүн 13-мартка белгиленген экинчи айлампасынан оппозициянын баш тарткандыгына кабатырлануусун билдирип, оппозициянын ичинен сабырдуу адамдар сүйлөшүүнү улантат деп ишенээрин жана аны уюштурууга даяр экендигин жарыя кылган билдирүү тараткан. Ал эми Бирдиктүү элдик кыймылдын Саясий бюросу бул маселени кечээ талкуулап, сүйлөшүү президент менен да улантылбайт, ага бийликтин Аликбек Жекшенкуловду камакка алып сес көрсөткөнү башкы себеп деген чечимге келген.(BD)

XS
SM
MD
LG