Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:50

Бүгүн кечинде БЭК жыйын курат


Бүгүн кечинде Бирдиктүү элдик кыймылдын саясий бюросунун жыйыны болот. Анын күн тартибиндеги башкы маселе - 27-мартта боло турган нааразылык акциясына даярдыкты тактоо жана 17-мартта Аксы окуясын эскерүү акциясын өткөрөбүз деп жаткан бейөкмөт уюмдарга колдоо көрсөтүү жолдорун аныктоо. Мындай маалыматты “Азаттыкка” БЭКтин штабынын башчысы Азимбек Бекназаров билдирди. Бекназаров андан тышкары Аксы окуясын эскерүү жыйынына жана 27-марттагы нааразылык акциясына эл катышпасын деген талап менен Аксыда Жалал-Абад облусунун прокурору менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору элди кыдырып, аларга 10 миң сомдон берип жатышат жана элди басыш үчүн районго 50дон ашык атайын багыттагы милиция тобу жиберилди деп билдирди. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын басма сөз катчысы Ибрагим Шатманалиев мындай маалыматты четке кагып, Аксыга эч кандай милиция жиберилген жок деп билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG