Айыл-чарба боюнча адис, академик Жамин Акималиев “Азаттыкка” берген маегинде жаздык айдап-себүү иштеринде үрөн маселеси, айрыкча арпанын уругу тартыш болуп жатканын билдирди. “Мамлекет айыл-чарбасына жыл сайын жок дегенде бир миллиард сом бөлүш керек. Айыл-чарбасын өнүктүрбөсө өлкөнүн экономикасы өнүкпөйт”, - дейт Ж.Акималиев. Ал ошондой эле айрым продукцияларынын, дан эгиндеринин 40%, кант кызылчасынын эгилбей, заводдордун иштебей калганыны канттын 100% сырттан алынып келинип жатканын чоң кемчилик катары баалады. Ж.Акималиевдин айтымында, дүйнөлүк каржы кризиси маалында өкмөт эң оболу жергиликтүү дыйкандарга шарт түзүп берсе, калктын 90% өзүбүздүн продукция менен камсыз кылууга толук мүмкүн. (КЕ)