Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Пикетчилерге байланыштуу сот башталды


Аксы окуясын эскерүү үчүн бүгүн Кыргызстандык бир нече атуулдар, алардын ичинде укук коргоочулар жана саясатчылар өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгышкан. Алардын ичинен төртөөнү Биринчи май райондук милициясы кармап кеткен. Азыркы мезгилде Төлөкан Исмаилова, Топчубек Тургуналиев, Анвар Артыков жана Самат Алиевге “милиция кызматкерлерине баш ийбей коомдук тартипти бузду” деген айып коюулуп, Биринчи май райондук сотуна алып келинди. Аларга 15 күн камакка алуу, же айып пул салуу менен жаза берилиши күтүлүүдө. Төлөкан Исмаилованын билдирүүсүнө караганда, алар Аксы окуясын эскерүү боюнча үч күндүк акция өткөрүүнү белгилешкен. Бүгүнкү кармоолорго карабай 19-мартта акция дагы уланат. (AiT)

XS
SM
MD
LG