Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:46

Ирак президенти Түркияны ПККчыларга мунапыс жарыялоого чакырды


Ирак президенти, теги күрт Жалал Талабани расмий Анкарага кайрылып, Түркияда жикчил саясат жүргүзгөн жана террорчу уюм катары каралган Күрт Ишкерлер Партиясынын – ПККнын мүчөлөрүнө мунапыс жарыялоо сунушун билдирди. Бул тууралуу Талабани бүгүн «Сабах» гезити жарыялаган маегинде билдирген. Ошол эле учурда ал жикчил күрттөргө куралдуу күрөшүн токтотуу чакырыгы менен кайрыла турганын да айткан. Бул кайрылууну ал Түндүк Ирактагы Арбил шаарында келээрки айда боло турган күрт топторунун аймактык жыйынында жарыялай турганын да кошумчалады. Марксисттик ПКК уюмун АКШ менен Европа Биримдиги да террорчу уюмдардын тизмесине кошкон.

XS
SM
MD
LG