Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:47

Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү уланат


Бүгүн укук коргоочулар менен бейөкмөт уюм өкүлдөрү өкмөт үйүнүн алдында Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү акциясын улантат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди. Кечээ милиция эскерүүгө катышкан Төлөкан Исмаилова,Топчубек Тургуналиев, Анвар Артыков жана Самат Алиевди кармап, Биринчи Май райондук соту милицияга баш ийбей койду деген кине менен аларга эскертүү берген. Соттолгондор сот мындай чечим менен Конституциянын тынч жыйын өткөрүүгө уруксаат берген 25-беренесин бузду деп, аны жокко чыгаруу арызын бүгүн Бишкек шаардык сотко берген жатышат.Бул окуядан кийин алар президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоп, анда Аксы окуясын эскергенине ыраазылык билдирүү менен бирге мамлекеттик кызматкерлер Конституцияны так аткарсын, Аксы окуясына күнөөлүүлөр жазалансын жана тынч митинг өткөрүү боюнча Конституциялык Сот 2004-жылы кабыл алган чечим аткарылсын деген талаптарды коюшту. (BD)

XS
SM
MD
LG