Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

Президенттикке талапкерлер 50 миң кол топтоого тийиш


Шайлоо Кодексинин 62-беренесине ылайык президенттикке талапкер өлкө боюнча өзүн колдогон 50 миң адамдын колун топтоого милдеттүү. БШК бүгүнкү жыйынында топтолгон колдорду кабыл алып текшерүүчү жумушчу топтордун милдети менен тартибин бекитти. Ага ылайык колдоосун билдирген ар бир жаран кол топтолчу атайын барактарга өзүнүн колу менен аты-жөнүн, туулган жылын, жашаган жерин жазып, колун коюуга милдеттүү. Топтолгон колдорду райондук, облустук шайлоо комиссиялары дыкат текшерүүдөн кийин кабыл алат жана алар добушту саноо мезгилинде эске алынат. Талапкерлерди колдогон адамдардын 50 миң колунун ичинен жети облус жана Бишкек, Ош шаарларынан колдогондордун саны 3 пайыздан же беш жарым миң шайлоочудан кем болбошу зарыл.(BD)

XS
SM
MD
LG