Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

Диний уюмдардын аракети укуктук жолго салынат


Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы, президент Курманбек Бакиевдин көрсөтмөсү менен район, облус жана Бишкек менен Ош шаарларында диний кырдаал боюнча өткөн коллегияларда мына ушундай чечим кабыл алынды.Коллегияларда Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин каттоосунан өткөн көп диний жайлар архитектуралык-курулуш, санитардык жана билим берүү талаптарына жооп бербеши аныкталды.Андан тышкары диний уюмдардын аракеттерине Мусулмандардын республикалык башкармалыгынын көз салышы начар болгондуктан дин кызматкерлердин көбү атайын диний билимсиз, тышкы келбети менен кийимдери улуттук маданият менен салтка карама-каршы келери ачык айтылды.Ошон үчүн мындан ары диний уюмдардын аракетин укуктук жолго салып, кемчиликтерди жоюу үчүн жергиликтүү бийлик менен диний уюмдардын тыгыз кызматташуусу зарыл деп чечилди.(BD)

XS
SM
MD
LG