Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:10

Өтүп бараткан жумада президенттик шайлоо күнү белгиленди. Оппозиция шайлоого даярдыгын билдирди. Бирок убакыт аз болууда. М.Садыркулов туш болгон кырсыкты иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

Президенттик шайлоо - президенттин юбилейи үчүн белек

Бул жумада президенттик шайлоонун күнү белгиленди. Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун президенттик шайлоо быйылкы жылы 25-октябрга чейин өтүш керек деген чечимине таянып, 2009-жыл 23-июлга президенттик шайлоо күнүн белгиледи.

Конституциялык Сотко болсо социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Асылбек Жээнбеков 20-февралда кайрылып, президенттик шайлоо качан болоорун аныктап берүүнү өтүнгөн. Конституциялык Сот Жээнбековдун арызын 19-мартта карап, ошол эле күнү түш ченде өзүнүн корутундусун жарыялады.

Ал чечимди Конституциялык Соттун төрайымы Светлана Сыдыкова окуп берди:

- 2009-жылы 25-октябрга чейин президенттик шайлоолор өтүш керек. Ал качан болот, октябрда болобу же андан эрте болобу, бул Жогорку Кеңештин колундагы маселе. Президент 2003-жылдагы Конституция менен ант берген. Ал мөөнөтүнөн эрте шайланган, ошондуктан анын мөөнөтү 2009-жылдын октябрында аяктайт».

Бирок чечим чыгарууда Конституциялык Сот жетекчиликке алган 2003-жылкы Конституцияда президенттин ыйгарым укуктары 2009-жылы 25-октябрда аяктайт деп жазылган жери жок. Тескерисинче, анын 44-беренесинин биринчи бөлүмүндө “Кыргыз Республикасында кезектеги президенттик шайлоо президенттин ыйгарым укуктарынын бешинчи жылындагы октябрь айынын акыркы жекшембисинде болот” деп жазылган.

Конституциялык Соттун чечимин Жогорку Кеңештин депутаты, Коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев мындай
чечмеледи:

- Мен ойлоп жатам, чын эле Конституциянын 2003-жылдагы редакциясында ошол норма жазылып калыптыр. Ошого байланыштуу Конституциялык Сот мөөнөтү ошол күнү бүтөт деген чечимге келиптир. Ошого таянып туруп берирээк мөөнөткө жылдырылган. Себеби шайлоо жараянынын өзүнүн эрежелери, убактысы бар, үгүт, жыйынтык чыгаруу, Конституциялык Соттун корутундусу болуш керек. Айтор 23-августтан кеч эмес мөөнөттө шайлоо болуш керек. Эртерээк мүмкүн. Ага тыюу жок. Ошондуктан 23-июлга дайындашты. Мен ага макул болдум.

Ал эми оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Мукар Чолпонбаев Конституциялык соттун чечимин саясий чечим катары баалады:

- Бул саясий чечим болуп жатат. Укуктук чечим эмес. Анткен себеби президенттин корко турган чоң-чоң нерселери бар. Биринчиден, президенттик шайлоого баруунун эң негизги себеби оппозициядан коркуп жатышынан. Шайлоо аркылуу оппозиция күчтөрүнүн ортосунда карама-каршылыктарды туудуруп, оппозиция лидерлери бири менен бири президенттикти талашып шайлоого чыкса, андан кийин алсызданып калат деген максат менен жасалып жатат. Анан экинчи чоң себеби, кризис Кыргызстанда өтө күчөйт. Эмки жылы мындан да оор болот.

Талдоочулардын пикиринде, президенттик шайлоону быйыл өткөрүү үчүн Россиядан алына турган 150 миллион доллар грант жана 300 миллион доллар жеңилдетилген насыя бийликке чоң таяныч болуп берет. Келерки жылы андай акча жок болот. Андан сырткары АКШ базасын чыгаруу чечими менен Кремлден жана өлкөдө өзгөчө орус тилдүү калктан колдоо алуу ыңгайы келип турат. Июль айы эс алуулар, саясий активдүүлүк төмөндөгөн мезгил. Бул мезгилде кандайдыр бир нааразылык акцияларын уюштурууга күндүн ысыктыгы да дурустап жол бере бербейт.

Булардан сырткары шайлоонун шашылыш белгиленишинде башка эки себеп жаткандай. Биринчиси, Курманбек Бакиев быйыл 1-августта 60 жашка чыгат. Мына ошол юбилейге карата Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммити Кыргызстанда уюштурулуп, ага президенттер келет. Ал маанилүү иш-чаранын алдында Курманбек Бакиевдин жан-жөкөрлөрү анын америкалыктарча айтканда “аксак өрдөк” болушун каалабаган өңдүү.

Ошондуктан алар үлкөн юбилейге чоң белекти - 23-июлда боло турган президенттик шайлоодогу жеңишти тартуулаганы турушат. Андан да эң маанилүүсү, шайлоону 2010-жылы эмес, андан бир жыл мурун – быйыл өткөрүү, 25-октябрда эмес, андан бир нече ай эрте - 23-июлда өткөрүү менен Курманбек Бакиев 2014-жылы үчүнчү мөөнөткө шайланууга теория жүзүндө мүмкүнчүлүк алууда. Анткени Кыргызстан Конституциясына ылайык президенттикке талапкердин жашы 65тен улуу болбош керек. Ал эми шайлоо 2014-жылы октябрь айына эмес, андан эртерээк, азыркыдай июль айына белгиленсе Курманбек Бакиевдин катышуусуна жаш жагынан коюлган тосмо болбой калат. Анткени азыркы президент 2014-жылы 1-августта 65 жашка чыгат. Демек, августка чейин шайлоого катышууга жылчык калууда. Муну эми азыркы кезде бир жылдан кечип, келечекте беш жылга мүмкүнчүлүк алуу десек да болот.

Оппозиция үчүн убакыттын тардыгы

Мына ушундай максаттар менен кокусунан жана өтө тездик менен шайлоонун жакынкы мөөнөткө дайындалышы бийлик атаандаштарынын негиздүү даярдык көрүшүнө да мүмкүнчүлүк бербейт. Анткени 23-июлга чейин төрт ай гана убакыт калууда. Шайлоого 65 күн калганга чейин талапкерлерди көрсөтүү ишке ашыш керек. Талапкерди көрсөтүү үчүн жалпы өлкө аймагынан 50 миң кол топтош керек.

Эң негизгиси оппозиция үчүн талкуулар жүргүзүп, бирдиктүү талапкерге токтолуусуна убакыт калбай калып турат.

Бул жагынан бийликтеги күчтөр үчүн жеңил болуп турат. Алар талкууларга кирип олтурбайт. Азыркы президенттин айланасында баш кошуп, анын талапкерлигин көрсөтөт.

“Ак жол” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Табылды Орозалиевдин билдирүүсүнө караганда, апрель айынын ортосуна чейин “Ак жол” партиясы курултай чакырып, мына ошондо азыркы президент Курманбек Бакиевдин талапкерлигин көрсөтөт.

Саясат таануучу Марс Сариев бийлик оппоненттери шайлоого даярдык көрүүгө үлгүрбөйт дегенге кошулат:


- Убакыт аябай аз калды. Оппозицияда мүмкүнчүлүк азыраак болуп жатат. Бирок варианттар бар. Мүмкүн Текебаев туура айтып жатат. Эгерде Курманбек Бакиев өзү шайлоого катышпай, өзүнүн ордуна оппозицияда жүргөн бирөөнү коет. Бул дагы аябай реалдуу вариант болуп турат. Бирок оппозицияда шансы азыраак болуп жатат. Андан сырткары Адахан Мадумаров апрель айында Кудрин менен жолугат. 300 миллион доллар насыяны сүйлөшөт. Ал Кыргызстанга келет. Социалдык тармак, айлык акча. Шайлоого ушул акча жумшалат.

Ал эми Коммунисттик партиянын лидери Исхак Масалиев бийлик менен оппозициянын даярдыктары, оппозициянын бирдиктүү талапкер көрсөтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу мындай пикирин билдирди:

- Чындап айтканда эч ким даяр эмес. Иштеп жаткан президенттен башка эч ким даяр эмес. Кечээ интернетте сурамжылоолордо бир топ таанымал саясатчылар талапкерлигин коюшу мүмкүн экени байкалды. Ошого караганда оппозиция лидерлеринин талапкерлигин коюп көргөнгө ички ойлору бар. Ошондуктан менин оюмча, оппозициянын бирдиктүү талапкер коюшу кыйын. Балким, бир-экөөсү чыгат го. Бир талапкерди чыгарыш өтө кыйын болот.

Оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун айтымында, оппозиция президенттик шайлоого катышуу маселесин 27-марттагы акциядан кийин чечүүгө чогулат:

- Эми бир талапкер менен чыгабыз деп сүйлөшөбүз. Болбой, өзүм чыгам дегендер болсо, чыга берет. Колдон келсе бир талапкерди алып чыгабыз. Ага чейин ары-берини байкап көрөбүз. Кимдер талапкерлигин коет? Кандай болот? Президент өзү коебу, койбойбу, ошо да чоң нерсе. Ошол көп нерсени өзгөртүп кетет.

Буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев, анын орун басары Бактыбек Бешимов билдирген. “Ата Мекен” партиясы да президенттик шайлоого катышаарын ачыктоодо. Бул партиянын лидери Өмүрбек Текебаевдин мындай кампанияларга катышуу боюнча жетиштүү тажрыйбасы бар.

Алардан сырткары Исмаил Исаков, Темир Сариев, Феликс Кулов, Азимбек Бекназаров, Абдыганы Эркебаев, Амангелди Муралиев жана башка лидерлердин шайлоого катышуу ниеттери жок эмес. Булардын ичинен албетте Алмазбек Атамбаев жана Өмүрбек Текебаевдин ресурсттук мүмкүнчүлүгү көбүрөөк.

Курманбек Бакиев шайлоого катышпай калат дегендер анын Германиядагы дарыланууларын, ден-соолугун көңүлгө алып жаткандай. Анын үстүнө шайлоо күнү аныкталаар алдында президенттин сыркоолоп калганы жөнүндө сөз чыкты. Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаева мамлекет башчынын ден-соолугу тууралуу расмий маалымат берүүнү бейшемби күнү парламентте сурады. Ага президенттин ден-соолугу мыкты деген жооп болду.

Мындан сырткары көз карандысыз “Учур” гезитинде акыркы жумаларда президенттин иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы генерал Жаныш Бакиевди “улуттук лидерге” айлантуу кампаниясы жүрдү. Бул да жөн жеринен чыкпаганын, ал коомдун пикирин билүүнүн бир аракети экенин саясат таануучу Марс Сариев белгиледи.

Мына ушундай көрүнүштөр Курманбек Бакиев президенттик шайлоого барбай калышы ыктымал деген жоромолдорду жараткандай. Бирок ал 11-февралда өткөргөн маалымат жыйынында экинчи мөөнөткө шайлоого бараарын ачык айткан.

Жол кырсыгын иликтей турган комиссия

Президенттик шайлоо кампаниясынын башталышы менен президенттик администрациянын мурунку башчысы Медет Садыркуловдун өмүрүн алып кеткен делип жаткан 13-мартта болгон жол кырсыгы экинчи планга өтүп калды. Бирок жума башында бул маселе катуу талкууланып, Жогорку Кеңеш окуяны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түздү. Комиссия негизинен “Ак жол” фракциясынан түзүлдү. Анын курамына Медет Садыркуловдун тарапкерлеринен болгон Галина Куликова гана кирип калды. “Ак жол” фракциясынын лидери Улукбек Ормонов комиссия кырсыкты саясатка аралаштырбай караш керек деген пикирин айтты:

- Көпчүлүк муну саясий оюнга айланткан жатышат. Ошондуктан бул комиссияга эмоциясы жок, токтоо, бул иштерге саясий баа бербеген, бардык нерсени такташ үчүн түзүлгөн комиссия болуш керек, деген сунуш бар.

Мына ошого байланыштуу Социал-демократтар сунуштаган Бактыбек Бешимов жана Иса Өмүркуловдун талапкерлигин “Ак жол” фракциясы өткөргөн жок. Мына ошондон кийин социал-демократтар комиссияга кирүүдөн баш тартышты.

Ошентип “Ак жол” фракциясы кырсыкты саясатка айлантпаш керек деген жүйөө менен окуянын көз карандысыз иликтенүүсүнө каршы экенин билдирип койду. Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева бул ишти иликтөөгө көз карандысыз комиссия
керектигин дагы бир жолу эскертти:

-Б ул иш чынында эле жаңырыктуу иш. Анан Иса Өмүркулов комитетте жакшы сунуш айтты эле. Деле көз карандысыз комиссия, керек болсо эларалык эксперттерди кошуп түзүш керек. Андай болбосо бул иш ырбап кетет. Туруктуулукка абдан тоскоолдук болот. Ошондуктан депутаттык комиссия, жалаң эле милиционерлерден турган комиссия аягына чыгат дегенге менин азыртан эле көзүм жетпей турат.

Мына ошону менен жети депутаттан турган комиссия түзүлдү. Анын алтоо “Ак жол” фракциясынан болду. Бирөө Коммунисттик фракциянын мүчөсү Хаджимурат Коркмазов болду.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG