Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

Иракта быйыл да кургакчылык


Быйыл Түркиядан тартып Ооганстанга чейинки аймакты кургакчылык каптап турган маал. Ирактык фермерлер экинчи жылы созулуп жаткан кургакчылык качан бүтөт деп күндүн көзүн карап турган чактары.

Чаң. Кум учкан шамал. Ирактын бир катар аймактарында эки жылдан бери ушундай көрүнүш. Жаандын жардамы менен түшүм алына турган жерлерде дагы, сугатка байланган аймактарда дагы суу жок.

Ирактын Иран менен чектеш Везит Говернорейт (Wasit Governorate) аймагы өзүнүн цитрус өсүмдүктөрү, анар, мистелери менен белгилүү. Тигрде суу ушунчалык аз болгондуктан фермерлер жердин төрттөн бир гана бөлүгүн иштетүүгө аргасыз болушууда. Бириккен фермерлер коомунун өкүлү Аббас Фадхил «Эркин Ирак» кызматына абалды мындай сүрөттөдү:

- Биз жыл башынан бери суунун тартыштыгын сезип атабыз, Тигрде болсо суу байып калды. Фермерлер суунун жетпегенинен жыл башынан бери ушуга даярданып келатышат. Көпчүлүк жерлер суу жетпей иштетилбей калды, акырында фермерлердин тапкан пайдасы азайды.

Ал эми Иран менен чектешкен Дияла өрөөнүндө айрым фермерлер ата турпактарын таштап, башка жактарга көчүп кетүүгө аргасыз болушту. Өзөн-дайралардагы суулар соолуп калгандыктан, ал жердегилер журт которушту.

Ал эми Түркия менен чектеш тоолуу аймактарда кургакчылык андан да катуу болгондуктан Эларалык кызыл чырым коому облуска 6 млн. доллар жардам көрсөтмөк болуп атат. Бул аймак салттуу түрдө ирактыктарды дан менен камсыз кылчу эле.

Быйыл Иракты буудай менен камсыз кылуу 27 пайызга азаят. Ал эми арпанын түшүмү 60 пайызга төмөндөдү. Ошол себептен Багдад быйыл кампасын толуктоо үчүн 2,8 млн. тонна буудайды чет мамлекеттерден сатып алышы керек.

Ирактын түштүгүндө деле жагдай ушундай. Эфраттын жээгинде буудай менен күрүчтүн түшүмү быйыл жакшы эмес. Фермер Рахим аль-Шайбли жер кыртышынын тузу артып, шордуу болуп кеткендиктен арпа-буудай айдоого жер жарабай баратат дейт.

Аба ырайын иликтеген адистер эки жылдан бери Иракта жана Түркиянын түштүгүндө жаандын нормадагыдан 30 пайызы гана жаап жатканын айтышууда.

Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк жана тамак-аш боюнча адиси Стедуто ирактыктар сууну үнөмдүү жана майнаптуу пайдалуу багытында иштегени жакшы дейт. Анын айтымында, Ирак өз сууларынын 85 пайызын колдонуп салууда, а негизи ашып кеткен чек анын жарымы гана. «Ошондон улам фермерлер табияттын табышмактарына көбүрөөк көз каранды болуп калышууда», - дейт ал.

Ирактын суу системасы, айыл чарбасы дагы эки чоң дайрага - Эфрат менен Тигрга көз каранды болгону да абалды ого бетер оорлотууда. Анткени Ирактын калкынын үчтөн бирине жакыны (26%) айыл чарбасы менен жан сактайт. Ушундай кырдаалда алар жумушсуздардын санын толуктап, анан асманды карап жаан жаасын» деп сурангандан башка аргасы жок.

XS
SM
MD
LG