Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

Бүгүн Дүйнөлүк Cуу Kүнү. Кыргызстан суу-энергетикалык көйгөйлөр курчуп баратканын баса белгилеп, аны чечүү үчүн Бишкекте эл аралык суу академиясын ачып, суу кызматташтыгын илимий негизге салууга чакырууда. Бишкектин мындай позициясын премьер-министр И. Чудинов жакында эле 16-17-мартта Стамбулда болгон суу форумунда жарыя кылган болчу.

Кыргызстан өзүнүн аймагынан чыккан сууну топтоо, сактоо жана аны коңшуларга берүү маселелери чоң кыйынчылыктарды туудудуруп жатат. Эгерде азыркы убакта жалпылап каражат бөлүштүрүп, эскирген суу сактагычтарды жаңыртуу жана бекемдөө колго алынбаса, Фергана өрөөнүнүн жарымын каптап суу калуу коркунучу бар. Бул жөнүндө Кыргызстандын премьер-министри Игорь Чудинов Стамбулдагы дүйнөлүк форумда чыгып сүйлөгөн сөзүндө баса белгилеген.

Анын айтымында, суу-энергетикалык көйгөйлөрдү жөнгө салуу үчүн Бишкекте эл аралык суу-энергетикалык академияны ачып, сууну башкарууну илимий негизге салуу зарылдыгы бышып жетилди.

Жыл өткөн сайын сууга болгон талап дүйнө жүзүндө өскөн сайын суу тартыштыгы курчуган мүнөзгө өтүп баратат. Борбордук Азия олкөлөрүндө өзгөчө суу талаштары да күчөп чыгууда. Коңшу өлкөлөрдүн тургундары менен мындай чыр-чатактар Кыргызстандын түштүгүндө жылга кайталанат.

Борбор Азия регионунда суу-энергетикалык маселе оор эле болуп калбай, бир топ карама-каршылыктарды жаратып келатканы белгилүү. Суу башы өлкөлөр Кыргызстан менен Тажикстан дарыяларды гидроэнергетикалык багытта пайдаланууга ыктаса, Өзбекстан ага кескин, ал эми Казакстан кайсы бир деңгээлде каршылык көрсөтүп келет.

Мына ушул маселенин айынан Өзбекстан Евразия экономикалык шериктештигинен чыкканын жарыялаган. Өзбекстан эксперттеринин пикиринде, жаңы ГЭСтерди курууга каршы чыккан Ташкендин позициясы Евразия экономикалык шериктештигинде колдоо тапкан жок. Ошондуктан ал Шериктештиктен чыгуу чечимин кабыл алды.

Региондун суу маселесин чечүүгө Европа мамлекеттери да аракеттенүүдө. Маселе 11-сентябрда Францияда болгон Форумда талкууланган. Андан кийин эми 17-18-ноябрда Алма-Ата шаарында “Суу бириктирет” деген Эл аралык конференцияда талкууланды.

Конференцияга Кыргызстандын суу чарба департаментинин башчысы Баратали Кошматов да катышкан. Кыргызстандын позициясы тууралуу Кошматов “Азаттыкка” буларды билдирди:

-Сууну чогултканда кетип жаткан биздин чыгымдарды, биздин жогорку зоналарда мөңгү, токойлордун кыскаруусуна байланыштуу келген зыяндарды, эрозияга учураган жерлерди реаблитациялоого төмөндө жайгашкан өлкөлөр катышып, канча көлөмдө суу алса, ошончо пайызда каржылоо иштерин жүргүзүш керек. Биз ушул маселени койдук.

Андан сырткары суу башы өлкөлөр ГЭСтерди куруудан баш тарта албасын билдиргенин Баратали Кошматов белгиледи:

-Жогорку зонада жайгашкан Кыргызстан, Тажикстан өлкөлөрү экономиканы көтөрө турган бирден-бир жол - бул гидроэлектрстанцияларын куруу экенин белгилеп, андан иштелип чыккан энергиянын экологиялык тазалыгы айтылды. Андан сырткары жылуулук электр станцияларына караганда гидроэлектрстанцияларды куруу туура болору белгиленди.

Региондун суу маселесине байланышкан бул конференция дагы улантылат. Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча өкүлү Пьер Морелдин пикиринде, суу маселеси региондогу эң курч маселелерден болууда. Ошондуктан аны чечүүдө өтө абайлап иш кылуу зарыл. Ал ошондой эле Европа маселени чечүүнүн даяр рецебин сунуштабаганын, аны регион өлкөлөрү акырындап табуусу зарылдыгын белгилейт.

Суу Кыргызстандын энергетикасы менен эриш-аркак турат. Токтогул суу сактагачында суу аздыгы өткөн жылдан бери өлкөдө энергетикалык кризисти жаратууда. Өлкөнүн бардык аймагында электр жарыгын өчүрүүлөр, чектөөлөр киргизилүүдө.
XS
SM
MD
LG