Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Пакистан өкмөт башчысы оппозиция лидери менен жолукту


Юсуф Раза Гилани менен Навази Шариф кечээги жолугушуудан кийин өлкөдө улуттук биримдикти орнотуу жана саясий кризисти токтотуу зарылдыгын белгилешти. Бирок кандайдыр бир конкреттүү макулдашуулар жөнүндө айтышкан жок.

Пакистан өкмөт башчысы менен оппозиция лидеринин жолугушуусу Жогорку Соттун төрагасы Ифтикар Чаудри бул кызматка кайра дайындалган соң ишке ашты.

Мунун алдында сот тарамагы көз карандысыз болушун талап кылган пакистандык юристтер жана оппозициячыл партиялар өлкө боюнча нааразылык акциясына чыгышкан эле.

Жогорку Соттун төрагасы кызматтан мындан он алты ай мурда ал кездеги президент Первез Мушараф тарабынан четтетилген.

XS
SM
MD
LG