Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:19

БЭКтин түштүктөгү өкүлү Аманбай Сатибаевди милиция кармап кетти


“Азаттыктын” Оштогу кабарчысынын маалыматына караганда шаардык милиция аны оппозиция жыйыны маалында коомдук тартипти бузду деген негизде кармаган. Оппозициянын Ош шаарындагы жыйыны “Семетей” кинотеатрынын имаратында өтүп, ага жыйырма чакты киши катышты. Жыйында “Бакиевсиз шайлоо” демилгеси көтөрүлдү. БЭКтин мүчөсү Анвар Артыков жыйынга элдин аз келишин жер-жерлерде күч бийлигинин кысым жасагандыгы менен байланыштырды. Ош шаарынын прокурору Бөкөнбай Казаков болсо эч кандай тоскоолдуктар болбогондугун билдирди. БЭКтин нааразылык акциясы Ош шаарынан тышкары Алай районун борбору Гүлчөдө да болуп, ага миң чамалаш киши катышкандыгы маалымдалды. (BuS)

XS
SM
MD
LG