Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Баткенде нараазылык акциясын өткөрүүгө жергиликтүү бийлик жол берген жок


Мындай маалыматты БЭКтин Баткен облустук штаб башчысы Бакир Имаров 27-мартта «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, аймактагы жергиликтүү бийлик жана күч органдары оппозициянын акциясына тоскоолдук кылуу үчүн бир ай катуу даярданган. Акция болоор түнү үйлөрдү кыдырып, катышпагыла деп үндөп чыгышкан, уюштуруучулардын үн күчөткүчтөрүн милиция кызматккерлери эч түшүнук бербестен эле тартып алып койгон. "Ушундай бут тосуулардын айынан бүгүнкү акция өтпөй калды",- дейт Бакир Имаров. Ал эми облустук акимчиликтин маалымат кызматынын өкүлү Мамажан Бердишов: "Тескерисинче баардык шарттар түзүлдү, музыкалык аппараттар менен да камсыздалддык бирок, колдоочулары жок болгондуктан өтпөй калды",-деп билдирди. (JsA)

XS
SM
MD
LG