Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Пакистандагы мечитте жардыруу болуп, 48дей киши набыт болду


Пакистан бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, өлкөнүн түндүк-батышындагы Жамруд шаарында бир жанкечтинин кол салуусунун айынан бир мечит жардырылып, бери дегенде 48 киши өмүрүнөн айрылды. Хайбер вилайетиндеги бул окуядан улам башка да 70тен ашуун киши ар кандай жаракат алганы кабардалды. Азырынча эч бир тарап бул террордук чабуул үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна ала элек. Мурда бул аймакта талипчил күчтөр менен өкмөттүк аскерлердин кагылышуулары болуп келген.

XS
SM
MD
LG