Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:37

Ысык-Көлдүн эки шаарында да митинг өттү


БЭКтин 27-марттагы акциясын колдоо үчүн Ысык-Көл облусунун баардык район, шаараларында митинг өткөрүү пландалганы менен Балыкчы жана Каракол шаарында гана өттү. «Ата Мекен» партиясынын Караколдогу кеңсесине 150дөн ашык киши чогулду. Партиянын облустагы координатору Райымбек Намалжанов Тоң жана Жети-Өгүз райондорунан келаткандардын кичи автобустарын милиция шаарга өткөрбой койгондуктан эл аз келгенин маалымдады. Облустук ички иштер башкармасы Эркин Эсеналиев бул маалыматты төгүндөп, баардык жерде митингге уруксат берилгенин билдирди. Балыкчы шаарындагы митинг маданият үйүндө өттү, бул жерге 500дөй киши келди. Аягында саясий куугунтукту, коррупцияны токтотуу жана башка ондон ашык талаптар жазылган кайрылуу окулуп, ал 20-апрелге чейин аткарылбаса, Бакиевдерсиз шайлоо урааны менен мөөнөтсүз митингге чыгуу жарыяланды. (RB)

XS
SM
MD
LG