Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Манастагы АКШнын аскербазасына Кыргызстандын көз карашы өзгөргөн жок


Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, “Москвада иш сапары менен жүргөн тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев Кыргызстан Манастагы АКШнын аба майданына кайтып келиши тууралуу эч кандай маселе каралбай турат деген. Мен ошону гана айта алам. Азыркы учурда Манас аба базасы боюнча чечим кабыл алынган. Бүт документтерге парламент дагы чечим кабыл алган. Президент да кол койгон. Бул кабыл алынган чечим боюнча эч кандай позиция өзгөргөн жок”. Орусиянын айрым массалык маалымат каражаттары АКШ администрациясынын өкүлүнө шилтеме жасап, Бишкек Вашингтонго Манас аба базасын калтыруу боюнча сүйлөшүүнү сунуштады, деп маалымат жазып чыгышкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG