Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

АКШ: Пакистандын чалгындоо кызматы террорчуларга колдоо көрсөтүүдө


АКШнын маалыматы боюнча Пакистандын чалгындоо кызматы бүгүнкү күнгө чейин “ал-Кайида” жана талиптерге колдоо көрсөтүп келет. Бул тууралуу Си-Эн-Эн сыналгысына берген маегинде АКШнын Куралдуу Күчтөрүнүн Бириккен Штабынын башчысы, адмирал Майк Маллен билдирди. Өз сөзүндө адмирал Маллен Пакистандын атайын кызматтарына кайрылып, өлкөнүн Ооганстан жана Индиянын батышы менен тогошкон чек араларындагы жоочуларга карата мамилесин өзгөртүүгө чакырды. Кечээ АКШнын президенти Барак Обама Пакистан менен Ооганстанда баш көтөрүп бараткан экстремисттерге каршы күрөштүн жаңы стратегиясын жарыя кылган. Аймактагы талиптер менен “ал-Каидачылардын” жоочу топторун жок кылууга багытталган стратегияда Пакистан жана Ооганстанга социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн каржылык жардамды көбөйтүү сыяктуу сунуштар камтылган.

XS
SM
MD
LG