Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

“Женерал Моторс” компаниясынын башчысы кызматынан чегинди


АКШнын автомобиль өндүрүүчү бул ири компаниясынын төргалыгынан жана башкы аткаруучу директору кызматынан Рик Ваггонердин (Rick Waggoner) кетүүсү өкмөт автоөндүрүш тармагын сактап калуу боюнча кадамдары жасап жаткан учурга туш келди. Президент Барак Обама бүгүн АКШнын автомобиль индустриясын кайра түзүү боюнча чараларды жарыялаары күтүлүүдө. Экономикадагы рецессиянын шартында америкалык автоуналардын сатылуусу 30%дан ашуунга төмөндөдү. Ал эми “Женерал Моторс” 2005-жылдан бери 82 миллиард доллар жоготкон. Быйыл жыл башында эле өкмөттүн компанияга 13,4 миллиард доллар өлчөмүндө чукул насыя берүүсү аны банкрот болуудан сактап калган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG