Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

АКШ Түндүк Кореянын ракетасын атып түшүрбөйт


Кокус Түндүк Корея баллистикалык ракетасын учурган шартта, АКШ аны абадан атып түшүрүүгө барбай турганын өлкөнүн коргоо министри Роберт Гейтс билдирди. Гейтс “Fox” телеканалындагы интервьюсунда белгилегендей, Пентагон Түндүк Корея азыркы этапта АКШнын батыш жээгине жеткидей ракета жарата аларына ишенбейт. Бирок мындай ракетаны жасоо Түндүк Кореянын узак мөөнөттүү максаты болуусу мүмкүн.
Пхеньян буга чейин билдиргендей, ал 4-8- апрелдин аралыгында жасалма жандоочусун учурат. Бирок коңшу өлкөлөр мунун Түндүк Кореянын баллистикалык ракетасын сыноо аракети катары баалашууда.

XS
SM
MD
LG