Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

Эки кыргыз мигранты Анжыяндан Кыргызстанга келе албай жатат


Тюмень шаарынан Анжыянга депортацияланган эки кыргыз жараны мекенине кайта албай жүрөт. 26 жаштагы Суусарбек Асылбеков жана 29 жаштагы Алтынбек Мусабаев февралда мыйзамсыз иштеп жүргөнү үчүн обулустук федералдык миграциялык кызматтын чечими менен Орусия аймагынан депортацияланган. Тийиштүү документтери жок эки кыргызды учак аркылуу Анжыянга жөнөтүшүп, ал жерден аларды эми Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз киришкендери үчүн соттогону жатышат. Екатеринбургдагы Кыргызстандын башкы консулдугу бул окуя боюнча Тюмень обулустук федералдык миграциялык кызматына кайрылып, бул факттын аныктыгына көзү жетти. Орусия мыйзамы боюнча мыйзамсыз иш алып баргандарды учак аркылуу депортациялоо каралган жана аларды сөзсүз түрдө мекенине кайтаруу каралган эмес. Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда визасыз режим бар болгону менен эмне үчүн бул эки жаран мекенине кайта албай жатышы түшүнүксүз болгондуктан, Екатеринбургдагы Кыргызстандын башкы консулдугу ТИМге бул тууралуу маалымат жолдоду. (EK)

XS
SM
MD
LG