Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:05

Нарын облусунда быйыл дан эгин аянты 1300 гектарга аз айдалат


Үстүбүздөгү жылда Нарын облусунда жалпысы 47 миң 800 гектар аянт айдап себилмекчи. Алдын ала болжолдоолор боюнча дан эгин аянты 34 миң гектарды түзүп, өткөн жылга караганда дан аянты 1300 гектарга азайат. Мындай маалыматты облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Нарынбек Карыбеков билдирди. Мунун себебин Нарынбек Карыбеков теңиртоолук дыйкандардын көп жылдык чөп аянтарын көбөйтүп жаткандыгы менен түшүндүрдү. Жазгы айдап себүүгө керектелүүчү 2500 тонна күйүүчү-майлоочу майлардын болсо 40 пайызы топтолуп даярдалган. Ал эми Нарын район аралык техникалык инспекциясынын жетекчиси Жыргал Мамбетовдун айтымында облустагы тракторлордун 78 пайызын 1990-жылга чейин өндүрүшкө чыгарылгандар түзөт.(KUs).

XS
SM
MD
LG