Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Түндүк Корея ракетасына карата тоскоолго каршы жооп берүүгө даяр


Расмий Пхеньян эгерде жакынкы мезгилде учурууга даярдалып жаткан космоско аттандырылчу ракетаны атып түшүрүүгө «кичинекей эле аракет жасалса», анда Түндүк Корея ошол замат жооп кайтарууга даяр деп эскертти. Бул тууралуу Түндүк Кореянын расмий маалымат агенттиги аскер башчыларынын билдирүүсүнө шилтеме жасап кабарлашты. Билдирүүдө Жапония, АКШ жана Түштүк Корея өзгөчө аталып кеткен. Буга чейин Пхеньян 4-апрел менен 8-апрел күндөрүнүн аралыгында орбитага жасалма жандоочу (сателлит) жеткирээрин маалымдаган. Токио, Вашингтон жана Сеул Түндүк Корея жасалма жандоочуну учуруу шылтоосу менен баллистикалык ракетаны сыноодон өткөрүүгө кам уруп жатат деп санааркап келишет.

XS
SM
MD
LG