Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:43

Экс-депутат ачкачылык жарыялады


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Замирбек Парманкуловдун адвокаты Жылдыз Турдумамбетова маалымат жыйынында кабарлады. Ал эми “Саясий куугунтукка каршы күрөш” комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиев Парманкуловго кылмыш иши анын президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиришине байланыштуу саясий негизде ачылды деп билдирди. Экс-депутат Замирбек Парманкуловго каршы эки кылмыш иши 2004-жылы болгон окуя боюнча “ээнбаштык кылган” деген жана быйыл кафедеги чатак боюнча “президенттин наамына акаарат келтирген” деген кине менен ачылып, азыр Ош шаарындагы убактылуу тергөө абагында жатат. Адвокат Жылдыз Турдумамбетова 2004-жылкы окуя боюнча Парманкулов 2005 –2007-жылдардагы мунапыс менен акталыш керек болчу десе, Топчубек Тургуналиев төрт жыл мурунку окуя боюнча кылмыш ишин козгоого экс-депутаттын саясий көз карашы гана түрткү берди деген бүтүмгө келгендигин билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG