Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:07

Таласта «Ата Мекен» партиясынын мүчөөлөрүн куугунтуктоо уланууда


Мындай маалыматты «Азатыкка» «Ата Мекен» партиясынын Талас шаары боюнча координатору Муктарбек Шералиев билдирди. Бүгүн күндүзгү бир жарым-экилер чамасында Талас шаарындагы Ленин жана Маяковский көчөлөрүнүн кесилишинен анын автоунаасын шаардык МАИ кызматкерлери токтотушуп, “гезит, баракчаларды таратып жатасың” деген доомат менен Талас шаардык ички ишер бөлүмүнө айдатып келишкенин айткан Шералиев мындай көрүнүштү бийликтин куугунтугу катары эсептейт. “Атамекенчини” токтоткон Талас шаардык МАИ кызматкери Мукаш Рысалиев Шералиевдин автоунаасынын арткы фарасы күйбөгөндүктөн токтотконун айтып, гезит, баракчалар жөнүндө сөз да болгон эмес дейт. (UA)

XS
SM
MD
LG