Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

А. Жапаров: Экономиканын айрым тармактарында абал оор


Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров бүгүн парламенттин комитетинде өткөн жылда жасалган иштер боюнча отчет берди. Министр 2008-жылы Кыргызстандын экономикасы дүйнөлүк каржы кризиси жана энергетикалык каатчылыкка карабай негизинен туруктуу болгонун айтты. Акча-кредиттик жана бюджеттик саясатты туура жүргүзүлүп, инфляциянын өсүшү 20 пайыздан ашпаганын айтты. Ошентсе да былтыр экономиканын айрым тармактарында абал оорлоп, айрып өндүрүш ишканалары жабылды, деди министр. А. Жапаровдун билдиришинче, кыргыз өкмөтү быйылкы жылдын планын иштеп чыкты. Ага ылайык, 2009-жылы негизги көңүл энергетикалык коопсуздук, банктардын туруктуулугу, экономиканын өсүшү жана калкты социалдык жактан коргоого бурулмакчы. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG