Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Жекшенкуловду абакта камоо мөөнөтү дагы бир айга узартылды


Бул тууралуу Аликбек Жекшенкуловдун коомдук коргоочусу Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” билдирди. А. Жекшенкуловдун адвокаты Нина Зотова анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча эртең соттун жогорку инстанцияларына кайрыларын айтты. Мурунку тышкы иштер министри, оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын өкүлү Аликбек Жекшенкуловду 7-мартта анын тапанчасынын адам өлтүрүлгөн деген кине менен Улуттук коопсуздук кызматы абакка камаган. Оппозиция муну саясий куугунтук катары баалап келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG