Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:41

ШКУ мыйзамсыз курал сатууга каршы бирге кызматташат


Бүгүн президент Курманбек Бакиев Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өткөн жылкы Дүйшөмбү саммитиндеги макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Мыйзамга ылайык, аталган уюмга мүчө өлкөлөр куралдар, ок-дары жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз сатууга каршы күрөштө эми биргелешип иштешет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Кыргызстандык серепчи Орозбек Молдалиев “Азаттыкка” бул иш-аракеттер уюмдун негизги максатына ылайык, экстремизм, сепаратизмге каршы жүргүзүлүп жатканын айтты. Ушундан улам ШКУ бара-бара чыгыштын НАТОсуна айланып калбайбы, деген кооптонуулар бар экенин баса белгиледи. (EBM)

XS
SM
MD
LG