Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Президент менен Төрага парламенттин иш планын чогулуп талкуулашты


Президент Курманбек Бакиев кечээ Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаевди кабыл алып, жолугушууда парламенттин ишмердүүлүгү жана апрель-май айлары үчүн иш планы талкууланды. Ушул эле жолугушуунун тыянагы боюнча депутаттардын округдардагы апрель үчүн бир апталык иши май айынын башына которулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат катчысы Авлан Жумабаев билдирди.
Бейрасмий булактардан алынган маалыматтарга караганда парламентте көпчүлүктү түзгөн президенттин “Ак жол” партиясы кезексиз курултайын апрель айынын этегинде өткөрүүнү болжоп жатат. Бул курултайда президенттикке бир талапкер көрсөтүлүшү керек. (BuS)

XS
SM
MD
LG