Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Аликбек Жекшенкуловдун адвокаты бүгүн шаардык сотко арыз берет


Адвокат Нина Зотова саясатчынын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү сурап соттун бардык баскычтарына кайрылууну көздөөдө. Кечээ Биринчи май райондук соту өз чечими менен БЭКтин мүчөсү, экс-министр Аликбек Жекшенкуловдун камакта отуруу мөөнөтүн дагы бир айга узартты. ИИМ Жекшенкуловдун сыйлыкка алган тапанчасынан 2007-жылы Таласта түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деп, 9-мартта аны Улуттук Коопсуздук Комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизген. Муну оппозиция саясий куугунтук деп саноодо. Экс-министрдин жүздөй тарапкери кечээ Биринчи май райондук сотунун алдында Жекшенкуловдун боштондугун талап кылышты. Райондук прокуратура бул акцияны уюштурдуң деп ошол эле замат “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун башчысы Төлөкан Исмаиловага эскертүү берди. (BuS)

XS
SM
MD
LG