Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

БУУнун баш катчысы пакистандык кыздын сабалышын сынга алды


БУУнун баш катчысы Пан Ки Мун сындаган тасмада Пакистандын батышындагы Сват өрөөнүндө он жети жаштагы кыздын сабалып жатканы тартылган. Улуттар уюмунун баш катчысы адамдардын укуктары тең сакталышы керектигин эскертип, Жогорку соттун төрагасы Ифтикар Чаудринин окуяны терең иликтөө тууралуу тапшырмасын кубаттады. Өткөн дем алыш күндөрү пакистандык кызды белгисиз эркектер сабоо жолу менен жазалап жаткандыгы тууралуу тасма өлкөнүн айрым сыналгыларынан көрсөтүлүп, интернет аркылуу тарап кеткен. Ал өз кезегинде коомчулукта нааразылык жаратты.
БУУнун баш катчысы өз сөзүндө ооган лидери Хамид Карзайга да кайрылып, Ооганстандагы шийи мусулман аялдардын укугу тууралуу талаштуу мыйзамды жокко чыгарууга чакырды.

XS
SM
MD
LG