Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:22

Кыргызстанда алгач ирет жаштарга жекече грант берилет


“Сорос” фондусу ой табылгалуу жаштардын 43 өкүлүнө алгач ирет жекече кичи гранттарды берүү тууралуу чечимин чыгарды.
Бул тууралуу “Азаттыкка” фонддун жаштар боюнча өкүлү Улан Шабынов 8-апрелде маалым кылды. Жыл башынан Кыргызстанда алгач ирет жарыяланган бул жекече гранттык конкурска 14төн 29 жашка чейинки жаштардан 131 арыз сунуш түшкөн. Атайын комиссия арыздардын ичинен адам укуктары, билим берүү, масс-медиа, экология, бизнес багытындагы долбоорлордун 43үн тандап алган. Түшкөн арыздардын 70 пайызы Бишкек шаарынан. (SA)

XS
SM
MD
LG