Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Молдовада полиция парламентти өз көзөмөлүнө алды


Коопсуздук күчтөрү Кишиневдо президенттин кеңсесин да демонстранттардан бошотушту. Көп сандаган демонстрант камакка алынганы кабарланууда. Кечээ алар аталган имараттардын терезелерин сындырып, ичине өрт коюшкан эле. 70 чакты киши жараат алганы кабарланууда. Оппозиция лидерлеринин бири Влад Филат Борбордук шайлоо комиссиясы жекшембидеги шайлоонун жыйынтыгын кайра кароодон баш тарткандыгын билдирди. Ал эми партиясы ал күнкү добуш берүүдө жеңүүчү деп жарыяланган коммунист президент Владимир Воронин оппозицияны төңкөрүш уютурууга аракеттенди деп айыптады.

XS
SM
MD
LG