Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Акыркы эки жылда чет өлкөлүктөр кыргызстандык 225 баланы асырап алышты


Алардын көпчүлүгү - мүмкүнчүлүгү чектелген балдар. Бул тууралуу кечээ Жогорку Кеңештин Коопсуздук, коргонуу жана Миграция комитеттеринин биргелешкен жыйынында вице-премьер министр Өктөмкан Абдуллаева билдирди. Комитеттердин биргелешкен отуруму кароосуз калган балдарды чет өлкөлүктөргө багууга берүү маселесин иликтеген жумушчу комиссиянын маалыматын укту. Маалыматты комиссиянын мүчөсү Николай Байло жасады. Комитеттер балдарды чет өлкөлүктөргө асыроого берүү боюнча мыйзамдарды көзөмөлдөөнү өкмөткө, бул багытта судьялардын ишмердүүлүгүн кароону Жогорку Сотко, жергиликтүү бийлик аракететрине укуктук баа берүүнү башкы прокуратурага сунуштады. Бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы сессиясына чыгарылат деп күтүлүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG