Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Биринчи май райондук сотунда бүгүн кайрадан “Жашылдар” партиясынын иши


Кечээкиге белгиленген сот отуруму партия лидери Эркин Бөлөкбаев кошумча адвокат алган үчүн бүгүнкүгө которулган. Башкы прокуратура мазактаган сүрөттөр аркылуу президент Курманбек Бакиевдин беделине доо кетирди деп, партия лидерин Кылмыш кодексинин 128-беренеси боюнча күнөөлөп жатат. Партия тараткан акыркы маалыматка караганда башкы прокуратура саясатчыдан партиялаштарынын аракеттери үчүн кечирим суроону сунуш кылууда. Бөлөкбаев болсо партиянын бир гана мүчөсү Хабира Мажиева үчүн кечирим сурарын билдирип, баш прокуратуранын сунушуна макул болгон жери жок. Мажиева саясий кысым жасалды деген негиз менен былтыр Швейияга чыгып кеткен. (BuS)

XS
SM
MD
LG